Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

АКЫН СООРОНБАЕВ ЖУСУЕВ: "СОГУШТА ЭКИ ЖОЛУ ЖАРАДАР БОЛДУМ",,,


Көчкөн Сактанов, Бишкек Согуштун биринчи күндөрүнөн эле Кыргызстандын аймагында фронт үчүн жаңы резевдерди даярдоо башталган. Кыргызстан жана Казакстандын жоокерлеринен 316-аткычтар дивизиясы түзүлүп, ал кийин Панфилов атындагы 8-аткычтар дивизиясы болуп кайра түзүлгөн. Мына ошол дивизияда кызмат өтөгөн акын Сооронбай Жусуев менен кабарчыбыз жеңиш майрамын утурлай аңгеме-дүкөн курду.

Кыргыз ССРинин комсомол уюму 1941-45-жылдарда Улуу ата мекендик согушка 80 миңден ашуун жаштарды жөнөткөн. Генерал Панфиловдун командачылыгы алдында 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери өлбөс-өчпөс баатырлыкты көрсөткөн.

1941-жылдын 16-октябрында Дубосекованын жанында Панфиловчулар душмандын 50 танкы менен теңдешсиз салгылашкан. Мындай кыл чайнаган салгыштар Батыштын көп жерлеринде болуп турган. Ошол согушка катышкан акын Сооронбай Жусуев мындай дейт:

- Согуш башталган 1941-жылы болгону 16 гана жашта элем. Жашым жетпей жүрдү, бирок Панфиловчулардын ордун бассак деген тилек бар эле. Мен 1943-жылы 18 жашка чыкканымда армияга алындым. Алайкуудан, Каракулжадан, Өзгөндөн жөө кетип, Карасуу станциясынан Алматыга бардык.

Михаил Иванович Калинин 1943-жылдын 7-мартында "Советская Киргизия" гезитинин редакциясына "Кыргыз жоокерлери баатырлыкты жана кайраттуулукту көрсөтүп, фашисттик баскынчыларга каршы мыкты күрөшүп жатат" деген телеграмма жиберген. Телеграммада андан ары ал "Кыргызстандын уулдары он душмандан бошотуп алган Кавказ менен Волганын шаарлары, Ысыккөл, Соңкөл, Аксай, Талас жана Алай жергесинде жашаган сенин ата-энеңди, эже-карындашыңды душмандан бошотуп алгандай эле сезе бил" дейт телеграммада. Сөз кайрадан Соронбай Жусуевде:

- Өмүрүмдө биринчи көргөн шаарым Алматы болгон. Ош, Фрунзени али көрө элек болчумун. Кызыл вагон менен Москваны терезеден гана көрүп өтүп, Калинин облусунун Холх деген шаарында турган 8-гвардиялык армияга кошулдук. Сабаттууларыбызды артиллериялык полкко, ал эми калгандарын жөө аскерлер полкуна жиберишти. Бир жуманын ичинде мен Алматыда пулеметчулукка даярдалсам, согушка кирерде байланыш-телефончулукка даярдалдым. Согушта жүрүп эки жолу жараландым. Эки жолу өзүбүздүн госпиталда дарыландым. Кайра өзүбүздүн полкко кошулуп, согушту 8-май күнү аяктадым. Кеч кирип бараткан эле, көчөдө от жагып, эми немистер бомбалабайт деп, жоокерлердин баары үйүнө кат жазышты. Жеңишти көрдүк, согуш бүттү деп кат жаздык. 1946-жылы январда Алайкууга жеттим.

- Элдин турмушу абдан начар болуп атса керек?

- Элдин турмушу өтө начар экен. Тифтен жарымы кырылып калыптыр. Жарым ай өтпөй өзүм да ооруп калдым.

- Согуш учурунда да оорусаңыз керек?

- Оорубадым. Атүгүл жөтөлүп да койгон эмесмин. Ушуга эмгиче таң калам, канча ирет карда, суукта калганбыз, бирок бир да жолу ооруган эмесмин. Ошентип 1946-жылдын апрель айында Совет районунун "Коммунизм үчүн" деген гезитине жооптуу катчы болуп калдым.

- Ырахмат Соке, чын эле өзүңүз айткандай абдан бактылуусуз. Согуш темасындагы ырларыңыздан окуп койсоңуз.

- Башта дайым окоптордо жатканбыз,
Жерде сойлоп, жоону мээлеп атканбыз.
Жеңиш күнү биринчи,
Денебизге ок тийет деп корунбай,
Бойду түзөп ээн-эркин басканбыз.
Баш да чарчап, октун үнүн укпадык.
Дринажда, траншейде уктадык.
Жеңиш күнү биринчи,
Жер үстүнө чыгып жаттык керилип,
Жымжырт түнгө, жылдыздарга суктанып!
XS
SM
MD
LG