Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

ОРУСИЯДА ЖЕҢИШ КҮНҮ САЛТАНАТ ЖАНА ЖАРДЫРУУ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Ар бир жылы 9-майда Маскөөдө өтүүчү Улуу Жеңиш Күнү быйыл да Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө расмий белгиленди. Бүгүн Маскөөдө Кызыл аянтта экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 59 жылдыгы салтатанаттуу белгиленди. Анын урматына аскерий парад өткөрүлдү. Өлкөнүн чиркөөлөрүндө, мечиттеринде, синагогдорунда согушта курман болгондорго арбагына дуба окулду. Чеченстандын баш калаасы Грозныйда ири жардыруу болуп, анын айынан жумурияттын Маскөөнү колдогон өкмөтүнүн лидери, президент Ахмат Кадыров каза тапты.

Улуу Ата мекендик согушта жеңишке жеткен күндү быйыл Орусия жана КМШнын бир катар бир мамлекеттери 59-жолу майрамдашты. Бүгүн Кызыл аянтта аскер парады өтүп, аны өлкөнүн коргоо министри Сергей Иванов кабылдады. Ал жерде Орусиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөп, элдерди ал Экинчи дүйнөлүк согуштан сабак алууга үндөдү:

- Бирок азыркы күндө да жер жүзүндө фашизмдин свастикасы, жер жүзүндө фашизмдин мүдөөсүн көздөгөндөр ээн-эркин сайраңдап жүргөндүгүнө кайдигер карап, аны көрмөксөнгө салууга биздин акыбыз жок.

Кызыл аянт менен өткөн аскерлердин саны, ИТАР-ТАСС агенттигинин билдиргенине караганда, 5 миң жоокерге чукулдап барды. Быйыл баш калаада бийлик алааматтуу согушка катышкан карыялардын параддан өтүшүнө уруксат берген эмес. Ошого карабай, кайсы бир калааларда, маселен, Челябинскиде 400 ардагер (ветеран) бийликтин тыюу салганына карабай, өздөрүнчө парад уюштурушкан.

Курагы келип калган согуш ардагерлеринин чамасы да чак экени айкын го. Алардын көбү кайра үйдө олтуруп майрамдоону ылайык көрүшкөн. Алардын бири, Амур обулусуна караштуу Лузкин кыштагында туруучу ветеран Петр Колесников согуштан кайтканда, алар иштейин десе иш жок, ичейин десе аш жок болгон оор күндөрүн, кээ бир жоокерлердин ГУЛАГга айдалганын эскерет:

- Согуштан колу-бутунан ажырап келгендер көп элек. Карар-көрөрүбүз жок олтуруп калганбыз. Мени менен согуштан кошо келген кошунамдын бир колу жок чолок эле. Чөп жок. Чалгыны капталына байлап алып бир колдоп чөп чаап жүрдү. Ал кыйналып атабы, жокпу, капарына алган киши болгон эмес. Согуштан келгендер өз мекенинде кырылышкан, - деди экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу Колесников.

Аңгыча өлкөнүн бир субъектиси - Чеченстандын баш калаасы Грозныйда жеңиш күнүн белгилөө маалында жардыруу болуп, шаардын Динамо стадионуна чогулган калайык арасынан көптөгөн киши жаракат алганы, жумурият президенти Ахмат Кадыровдун каза болгону туурасында кабар келди. Орусияда Жеңиш майрамын белгилөө ыр-күлкү менен ый-кайгы аралаш өттү.

XS
SM
MD
LG