Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Баткенде да салтанат


БАТКЕН. Облус борборунда алгач Улуу ата мекендик согуштагы жеңиштин 59 жылдыгынын урматына митинг өтүп, түбөлүк отко гүлчамбарлар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди. Майрамдын салтанаттуу бөлүгү андан ары Баткен шаарынын борбордук стадионунда уланды. Анда ардагерлерди, жалпы эле баткендиктерди Баткен районунун акими Болот Алиев, облус губернаторунун биринчи орун басары Замирбек Нурмухамбетов куттуктап, сөз сүйлөштү. Андан соң аскер парады өтүп, аскерий темадагы ыр-күүлөр жаңырды. Согуш ардагерлерине аскердик талаа ашканасы уюштурулду. Улуу ата мекендик согушка Баткен облусунан 20 миңден ашуун эр азаматтар аттанып, алардын 15 минден ашууну окко учуп, 5579у мекенине кайтып келген. Учурда облуста 638 согуш ардагери бар. Алардын 207и майып.

XS
SM
MD
LG