Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Ысыккөлдө согушта курман болгондор эскерилди


КАРАКОЛ. Митинге Улуу ата мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюу, алардын өлбөс-өчпөс эрдиктерин бир мүнөт унчукпай эскерип туруу аземи өттү. Майрамдык салтанатта облус губернатору Токон Шайлиева согуштун жана эмгектин ардагерлерин жана кан күйгөн алаамат учурунда тылда эмгектенген ардагерлерди Улуу жеңиш майрамы менен куттуктады. Иш-чара шаардын борбордук аянтында аскердик парад менен уланды. Алынган маалымат боюнча, Улуу ата мекендик согушка Ысыккөл облусунан 30 миңден ашуун адам катышып, алардын 19 миңине гана туулган жеринин тузу буюруган. Облустан Советтер Союзунун 14 баатыры чыккан. Ушул тапта облус боюнча согуштун 1100 катышуучусу бар.

XS
SM
MD
LG