Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Британиянын мурдагы тышкы иштер министри өкмөттү эл аралык Кызыл чырым уюмунун жашыруун отчетун жарыялоого чакырды


Робин Кук бул тууралуу Би-Би-Сидеги бүгүнкү маегинде айтты. Мунун алдында Кызыл Чырым уюму Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жөнүндөгү отчетту британ өкмөтүнө февралда эле бергени маалым болгон эле. Ал эми британ өкмөтү ирак түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жөнүндө маселе жергиликтүү басма сөздө көтөрүлө баштагандан бир ай мурда эле кабардар болгонун кечээ моюнга алган. Оппозиция өлкөнүн коргоо министри Жефф Хун Кызыл Чырым уюмунун отчету боюнча эртең парламентте билдирүү жасашын талап кылууда. АКШнын президент Жорж Буш кечээги радиокайрылуусунда америкалык аскерлердин Ирак түрмөлөрүндөгү укук бузуулары ийне-жибине чейин иликтенээрин убада кылды.

XS
SM
MD
LG