Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Грозныйдагы жарылуудан чечен президенти Ахмад Кадыров каза тапты


Окуя Грозныйдагы "Динамо" стадионунда 9-май – Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык салтанаттар өтүп жаткан учурда болду. Маалыматтарга караганда, бомба стадиондун Чеченстандын жетекчилери, орусиялык аскерий өкүлдөр отурган борбордук трибунасынын алдынан жарылган. Орусиянын президенти Владимир Путин Ахмад Кадыровдун каза тапканын ырастап, маркум тууралуу мындай деди:

- Чеченстандын президенти Ахмад ажы Кадыров акыркы төрт жылдын аралыгында өз эли алдындагы парзын татыктуу жана эрдик менен аткарды. Ал чыныгы карман адам эле. Өзүнүн бүткүл ишмердүүлүгүндө бандиттер, террорчулар менен жалпы элди теңештирүүгө болбосун жана мүмкүн мүмкүн эместигин ишенимдүү далилдеген.

Расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, жарылуудан чечен президентинен башка да 14 адам каза таап, 20дай киши жаракат алган. Оор жараат алгандардын арасында Орусиянын Чеченстандагы аскерлеринин командачысы, генерал Валерий Баранов да бар. Баштапкы кабарларда ал дагы курман болгону айтылган эле. Европа Кеңеши, Еврокомиссия, Түркия Чеченстандагы бүгүнкү окуяны айыпташты. Президенттин милдетин аткаруу эми Чеченстандын премьер-министри Сергей Абрамовго жүктөлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG