Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Олимпиада камылгалары. Китепканада байырлоо. Абактагылардын терапиясы.


Афинада жайкы Олимпиаданы утурлай коомдук тартипти сактоо чаралары күчөтүлүүдө. Китепканада жашаган студент. МакДоналдстын кирешеси өсүүдө. Тамак бышыруу - абактагылар үчүн жаңы терапия боло алабы?

Афина жайкы Олимпиадага агылып келүүчү миңдеген турист менен спорт күйөрмандарын кабыл алууга даярданып жатат. Шаардын мэри Дора Бакоянис санитардык гигиеналык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулат дейт. Бул үчүн коомдук жерлерде жаңы эрежелер киргизилүүдө. Маселен, сагыз же тамекиңизди болобу көчөгө таштасаңыз, дароо 20 евро айып пул төлөөгө мажбур болооруңузду эстен чыгарбаңыз. Ал түгүл коомдук жерлерде уят, орой сөздөрдү айтууга да тыюу салынат.
Афинанын көчөлөрүн тазалыкта кармоо үчүн 35 миллион евро сарпталмакчы. Шаарды күзөтүү үчүн кошумча 500 муниципалдык полициячы тартылат. Мэрдин айтымында, алардын бардыгы тең англис тилинде сүйлөйт.



Америкалык студент Стивен Станзак акча каражатын үнөмдөө үчүн былтыркы сентябр айынан бери Нью-Йорк университетинин китепканасынын подвалында түнөп жүрүптүр. Китепкана күнү-түнү иштейт, андыктан кайтаруучулар үстөлдөрдү тизип алып уктап жаткан жигитке көңүл да бурчу эмес экен.
Окуу жайынын администрациясы студентти өзүнүн сайтындагы күндөлүк каттарынан таап аныктаптыр. 20 жаштагы Стивен жылына 15 миң доллар стипендия алып, жумасына 30 сааттан иштегени менен ижарага турак жай алууга мүмкүнчүлүгү жок болгонун айтат.
Университет ага жайдын этегине чейин бекер бөлмө бөлүп берди.
Былтыр Нью-Йорк Американын эң кымбат шаары деп табылган. Ал эми дүйнө боюнча калаа 11-орунда турат.



“МакДоналдс” эл аралык корпорациясынын кирешеси кескин өсө баштады. Мындай ийгилик жылдын башында анын тез тамактануучу ресторандарында мүнөс продуктылардан жасалган тамак-аш сатыла башталгандан бери байкалууда. Компаниянын таза кирешеси быйылкы жылдын 3 айынын ичинде 511,5 миллион долларды түздү. Салыштыра кетсек, 2003-жылы ошол эле мөөнөттө Мак Доналдс 327 миллион доллар киреше тапкан.
“МакДоналдстын” салаттары менен жашылчадан даярдалган тамактары өзгөчө Европада популярдуу болууда. Компания өзүнүн ишмердигин да кеңейтүүнү көздөп жатат.
Өткөн айда корпорация балдардын кийим-кечесин чыгарууну пландаганын жарыялаган эле. “МакКидс” деген продукция Кытайдын Шанхай шаарындагы фирмада тигилип турмакчы.



Француз түрмөлөрүндө отургандар убакытын бекер кетирбей, кулинария боюнча китеп жазууну чечип, жакында аны өлкөнүн эң мыкты ашпозу редакциядан өткөрдү.
Мындай демилгени Альзастагы күчөтүлгөн режимдеги колониянын дарыгери көтөргөн. Клод Деруссан абактагылар туура азыктануу, диета жөнүндө көп суроо беришет. Адатта түрмөдө адамдар өзүнүн саламаттыгына өзгөчө көңүл бура башташат дейт.
Деруссан 200 айыпкер арасында сурамжылоо өткөрүп, алардын дээрлик 10 пайызы тамакты өздөрү даярдашаарын аныктаган. Анда дарыгер түрмөдөгү ашпоздор арасында жалпы улуттук конкурс жарыялоону чечти. Натыйжада Франциянын 165 жаза өтөөчү жайынан 600дөй рецепт түшкөн.
Алардын эң мыктыларын тандоо үчүн Париждеги таанымал “Таверна Илль” ресторанын башкарып келген Марк Эберлен тартылган.
Дарыгер Деруссандын ырастоосунда, китептин жана конкурстун максаты абактардагы тамактанууну жакшыртуу же ар түрдүү кылуу эмес. Тамак бышырып жаткан киши өзүнүн ой-санаасын, жалгыздык сезимин бир азга болсо да унутуп калат эмеспи. Бул - өзүнчө бир терапия болуп эсептелет дейт дарыгер Деруссан.
XS
SM
MD
LG