Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

ДҮЙНӨЛҮК БАСМА СӨЗДҮН КӨҢҮЛҮНДӨ ИРАКТАГЫ ТҮРМӨ ОКУЯЛАРЫ


Ушул аптада батыштык басма сөздөрдө Ирактагы америкалык аскерлердин абактагы жоруктары жазылды. Ал макалаларда бул чуулгандуу окуяга карата кескин сын пикирлер айтылды.

"Вашингтон таймс" гезити “америкалык аскерлердин түрмөдөгү ирактыктарга жасаган зомбулуктары, кыйноолору адатка айланып калган Жакынкы Чыгыш аймагында ишке ашырылды” деп жазат. Бул региондо жашаган элдер андай көрүнүштөрдүн жоюлушуна себепчи болор бекен деген үмүт менен АКШга ишенип келген. Эми америкалык аскерлердин мындай шерменде жоруктарынан кийин алардын бул үмүтүнө суу себилди деп жазат гезит.

Түркияда чыгуучу "Йени Шафактын" жекшемби күнкү санында жарыяланган макалада “Иракта болуп жаткан окуялар, баскынчы күчтөрдүн абактагы ирактыктарга карата жасаган кемсинтүүчү мүнөздөгү жоруктары бир гана согуштун шарттарын эмес, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы баштапкы айырмачылыктарды дагы кайрадан карап чыгууну шарттап олтургандыгы” айтылат.

“Бир топ адам башка бир топ адамга кантип ушундай мамиле жасай алат?" деген суроо коюлат аталган макалада.

"Реутер Вебсите" аталган интернет баракчада Кыргызстандын Кумтөр алтын кени жана анын кыргыз экономикасына кошкон үлүшү тууралуу маалымат берилген. “Балким "Кумтөр" фирмасы алтын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң чоң фирмалардын бири эместир. Бирок эгерде Кумтөр чүчкүрө турган болсо бүт Кыргызстанды тумоо кармайт” деп мүнөздөйт интернет баракча бул кендин кыргыз экономикасындагы турмуштук мааниге ээ орду тууралуу.

Аталган макалада андан ары Кыргызстан өкмөтү менен Канаданын "Камеко" корпорациясынын ортосунда түзүлгөн бул биргелешкен ишканада 1650 киши гана иштеген менен, ал Кыргызстандын улуттук дүң кирешесинин 10-14 пайызын өндүрөөрү айтылат. "Кумтөр" компаниясынын кийинки жылдардагы иш аракеттери жана кендин резервдери жөнүндө цифралар менен маалымат берилет.

Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов 5 жылдан кийин отставкага кетээрин билдирди. Анын бул жарыясы түркиялык басылмаларда сын-пикирдин коштоосунда чагылдырылды. "Радикал" гезити Түркмөнбашынын календардагы айдын, жылдын жана күндөрдүн аталышын алмаштырып, өзүнүн тууган-уругунун аттарын бергендиги, алтын тиш салдырууга, сакал өстүрүүгө тыюу салгандыгы жөнүндө чакан маалымат берген. Түркмөнбашы 70 жашка чыгаары менен кызматтан чегине тургандыгын жаштар курултайында билдирген.

"Заман" гезитинде жазган макаласында саясий баяндамачы Шахин Алпай “Советтер Союзу ыдырап, Борбор Азиядагы мусулман түркий жумуруяттар эгемендүүлүкө жеткен кезде башкаруу системасы катары аларга үлгү боло албаган Түркия эми араб дүйнөсүнө да жол көрсөтө албайт” деген пикирин бөлүшкөн. Шахин Алпайдын пикиринде, Борбор Азия жумуруяттарынын лидерлери Түркиянын либералдуу экономикасын, не өнүгүп келаткан демократиялуу системасын үлгү кылып алгысы келбеди. Алар тескерисинче, бир партиялуу, авторитардык режимдерин сактап калууну чечишти. "Эми, - дейт макаланын автору, - АКШнын “кеңейтилген Жакынкы Чыгыш” долбоорунун алкагында Түркияга араб өлкөлөрүнө үлгү болуу милдети жүктөлгөнү жатат. Бирок арабдар деле, Орто Азиянын жетекчилери өңдүү Түркияны үлгү кылып алгысы келбейт. Себеби баарынан мурда араб коомчулугунун белгилүү катмарлары Түркияны оторчул Осмон империясынын уландысы деп эсептешсе, Түркияга АКШ жана Израил менен биргеликте, региондогу чыныгы карасанатайлыктын аксиси катары карагандардын саны да аз емес.

Ушул жумада "Евразия Виев" аталган вебсайтта Кыргызстанда психикалык жактан оорулууларды дарылоочу мекемелердин учурдагы жагдайы тууралуу бир макала жарыяланды. Макалада “адам укуктарын кеңири масштабда бузуулар Кыргызстанда мамлекеттин карамагындагы психикалык оорулууларды дарылоо системасын бүлгүнгө учуратып жаткандыгы” билдирилет. Ошондой эле, макалада башкеңсеси Будапешт шаарында жайгашкан “Психикалык оорулуулардын укуктарын коргоочу эларалык борбордун” Кыргызстанда кийинки жылы өткөргөн иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарына шилтеме берилет. Анда “адам укуктарын коргоо боюнча өз мойнуна алган эларалык милдеттенмелерге карабастан кыргыз өкмөтү андай мекемелерде кармалган бейтаптардын тамак-аш, таза суу, кийим-кечек, коопсуздук, жылуулук өңдүү эң элементардуу керектөөлөрүн камсыздай албай жатат” делинет.

Ушул жумада Грузияда болгон окуялар дагы батыштык басма сөздөрдө кең-кесири чагылдырылды. Абашидзенин бийликтен чегинип, Москвага качып кетиши Түркия басылмаларында “Ажариядагы 600 жылдык Абашидзе бийлиги соңуна чыкты” деп кабарланып, "Радикал" гезитинде 1483-жылда эгемендүүгүн алган учурда Ажариянын башында Кахабер Абашидзе болгонун, 1553-жылда Ажария Осмон эгемендүүлүгү астына киргенден кийин, анын уулу Георгий Абашидзе мусулман динине өтүп, өлкө 1879-жылдагы түрк-орус согушунан кийин Грузияга кошулганын билдирген.

Аслан Абашидзенин чоң атасы Мехмет Абашидзе 1918- жылда Ажариянын улуттук мажлисинин төрагалыгына шайланып, ал 1937-жылда өлтүрүлөт. Анын уулу Ибрайим Абашидзе болсо Сирияга сүрүлөт. Небереси Аслан Абашидезе 1991-жылда бийликке келет.

"Интернатионал Хералд трибуне" гезити болсо, Грузиянын борбордук өкмөтүнүн жикчил Ажариянын үстүнөн бийлигин кайра орнотуп алышына, бүтөйүн деп калган Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун коопсуздугу жаатынан сереп салды. Абашидзенин кетиши бул мунай долбоорунун коопсуздугун кыйла чыңайт, бирок коркунуч бүтүндөй жоюлду деп айтууга эртелик кылаарын жазылат.
XS
SM
MD
LG