Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

АБУ ГРЕЙБ ТҮРМӨСҮНДӨГҮ ЧАТАК АКШ ЖАНА БРИТАН ӨКМӨТҮН ОҢТОЙСУЗ АБАЛГА КАЛТЫРДЫ


Бурулкан Сарыгулова, Прага Улуу Британия өкмөтү Багдаддын Абу Грейб түрмөсүндөгү туткундарды мазактоолор тууралуу ал жалпы коомчулукка ачыкталганга чейин эле билген. Муну өкмөт ишемби күнү ачыктады. Премьер министр Тони Блэрдин өкүлүнүн айтымында, мындай маалымат келип түшкөн, бирок, анда маселенин чоо-жайы так белгиленген эмес. Британ өкмөтүнүн мындай расмий жооп менен чыгышына мындан эки күн мурдагы Кызыл чырым Эл аралык Комитетинин билдирүүсү негиз берди. Билдирүүдө коалиция аскерлеринин Абу Грейбдеги мыйзам бузуулары тууралуу расмий бийликке жыл башында эле кабарлаганы айтылат.

Британиянын оппозициячыл консервативдик партиясы өкмөткө коргоо министринин маселе боюнча дүйшөмбүдө парламентке маалымат берүүсүн талап кылып кайрылды.

Президент Буштун ишемби күнү кечинде радио аркылуу жасаган апталык салттуу кайрылуусуна караганда, АКШ күчтөрү тарабынан ирактык айыпкерлерге запкы көрсөтүү фактысы чып-чыргасыз иликтелип, бети ачылышы керек.

- Тиешеси барлар аныкталып, алар жасаган иши үчүн жазасын алышат. Ирак түрмөсүндөгү уяттуу мындай окуялар кайра кайталанбагыдай деңгээлде толугу менен текшерүүдөн өткөрүлөт.

Ирактагы АКШ аскерлеринин жооптуу жетекчилеринин бири, генерал-майор Жеффри Миллердин айтымында, азыр окуя эл аралык нормага ылайык, ар тараптуу териштирилип жатат. “Кылмыштуу маалыматтарды топтоо боюнча Женева макулдашуусуна ылайыкталган бул системага мен канаагаттандым” деди Миллер.

Ал эми Жорж Буш өз кайрылуусунда түрмөдөгү окуя Саддам Хусейндин режимин жок кылып, эркиндик орнотуу милдетин өтөп жүргөн 200 миң чамалаш коалиция аскерлеринин, Кошмо Штаттардын кадырын булгабашы керек экенин, ошондуктан, бул ишти жөн салды кароого болбой турганын белгиледи:

- Бул адамдарга Америка мыйзамдарына жана Женева макулдашуусуна ылайык Ирак элин гумандуу, сыпайгерчилик менен коргоо милдети жүктөлгөн. Анын ордуна биз ирак туткундарынын мазакталган келбетин көрдүк. Бул ыкма биздин баалуулуктарга жатпайт, биздин беделибиз менен ар–намысыбызга доо кетирет.

АКШнын Багдаддагы атуулдук иштер боюнча башчысы Пол Бремер ишемби күнү Багдадда Ирактагы жалпы АКШ аскерлерине түрмөдөгү аскерлердин жоругу аркылуу баа берүүгө болбойт деген көз карашын билдирди.

Ошондой болсо да талдоочулар Абу Грейб түрмөсүнө байланышкан чатак ушуну менен эле токтоп калбай турганын белгилешет. Коргоо министри Доналд Рамсфелддин Конгресстин комитетинде билдиргенине караганда, иликтөө учурунда коомчулукка белгилүү болгондордон башка дагы толгон фотосүрөттөр жана видеотасмалар табылган. Ушул өңдүү өңүттөрдү эске алганда Ирактан Жакынкы Чыгышка чейин жеткен ал-каидачылардын катарынын көбөйүш ыктымалдыгы бар.

Анын үстүнө Абу Грейб чатагынан тышкары дагы АКШ аскерлери үчүн апрель айы каралуу ай болду, Америка көп аскеринен ажырады. Түзүлүшү 30-июнга болжолдонуп жаткан убактылуу Ирак өкмөтүнө байланыштуу бүдөмүк маселелердин алигиче башы ачыла элек. Мына ушул жана башка өңүттөргө кайрылган талдоочулар ноябрда болуучу президенттик шайлоо Жорж Буш үчүн канчалык майнаптуу болоор экен деген суроо менен да баш оорутушууда.

XS
SM
MD
LG