Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

КРЕМЛЬ АХМАД АЖЫ КАДЫРОВДУН ОРДУНА КИМДИ ТАБАТ?


Жекшемби күнкү террордук жардыруудан ажал тапкан Чеченстандын президенти Ахмед Кадыров дүйшөмбү күнү өзүнүн Центорой кыштагында жайга берилди. Бир жылдары адаватчы болуп жүрүп, кийин Москванын тирегине айланган 52 жаштагы мурдакы муфтийдин өлүмү Чеченстанды жетекчисиз калтырды. Мамдуманын айрым таасирлүү мүчөлөрү Чеченстанды мурдакыдай президенттик башкарууга өткөрүүнү сунуш кылышууда. Мурда өзүн актабаган түз башкарууга президент Путин мауклдук бербеши мүмкүн. Анткен менен, Москва үчүн Кадыровдун ордун толтурчу адамды табуу жеңил болбойт.

Козголоңчул Чеченстанды Россиянын жетегине көндүрүп берет деп Кремль үмүт арткан Ахмед Кадыровдун өлүмү, орус президенти Владимир Путиндин чечен калабасын басып, өлкөнүн түштүгүндө тынчтык орнотуу тилегине катуу зыян тийгизди.

Путин 1999-жылы Чеченстанга экинчи ирет киргизилген россиялык күчтөр республикада өз контролдугун орноткону менен, аларга каршы колсалуулар же аскерлердин эрегишчилердин буктурмасына кабылуусу күн сайын кайталанган көрүнүш бойдон калууда.

Курулушчулар үч ай бою тынбай иштеп, 9-майга кысталыш бүткөн Грозный стадионундагы жардыруу, анда А.Кадыровдун жана башка мартабалуу адамдардын өлүшү- коопсуздук маселеси Россиянын эң талуу жери экенин көрсөттү.

Биринчи чечен согушу маалында Россияга жихад жарыялап, кийин адаватчыларды чет элдик уюмдардын акчасын актоо үчүн согушууда деп таштап кетип, адегенде чечен администрациясын жетектеп, былтыркы шайлоодо президент шайланган Ахмед Кадыров Москва үчүн өтө баалуу адам эле. Кадыров Москванын “көзүнүн агы менен тең айланбастан” туруп, бир катар талаа командирлерин куралдуу күрөштү токтотууга ынандырган. Кремль болсо Кадыровго таянып, чечен козголоңчуларына каршы согушка түзмө-түз тартылган федералдык аскерлердин санын кыскартып жаткан. Соңку айларда айрым козголоңчуларды басуу Кадыровдун уулу, Чеченстандын коопсуздук күчтөрүнүн башчысы Рамазанга баш ийген чечен күчтөрүнө көбүрөөк жүктөлүп жаткан.

Владимир Путин жекшемби күнү Рамазанды атасынын өлүмүнө байланыштуу кабыл алып жатып, муркумду эр жүрөк адам деп атады:

- Ахмед ажы Кадыров жалпы элдик майрам –9-май күнү о дүйнө кетти. Ал жеңилбей кетти.

Путин күнкорсуз Чеченстан үчүн күрөшүп жаткан козголоңчуларды “бандиттер, террорчулар” деп, кара боекко боеп салды.
Чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадов 9-майдагы жардырууну айыптап, “кандуу зобун биздин проблемаларыбызды эч качан чечип бербесин” билдирди.
Путин президенттин милдетин аткарууну Чечен өкмөт башчысы Сергей Абрамовго жүктөдү:

- Республиканын конституциянын 76-беренесине ылайык, жаңы президенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин, администрация башчылыгын убактылуу Сиз аткарасыз. Ишти зарыл болгондой уюштуруңуз. Башкаруунун бардык органдары калыптанып бүткөн.

Көпчүлүк байкоочулардын сөзүнө караганда, Кремль үчүн Кадыров сындуу чечен улутчулдарынын маанайын түшүнгөн, Москва менен “жүзүн жоготпой” соодалаша алган жана республикадагы жагдай үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген адамды табуу жеңил болбойт.

Себеби, октябрдагы шайлоо учурунда сүймөнчүктүү чечен генералы Асламбек Аслаханов, Россиянын мурдакы Жогорку Кеңешинин төрагасы Руслан Хазбулатов жана белгилүү бизнесмен Малик Сайдуллаевди Кремль жарыштан күчтөп чыгарып салган. Бул ирет Кремлдин аларды кызматташууга чакыраары, чакырган учурда да алардын Москванын эркине ылайык болору шектүү.

Ошон үчүн, россиялык айрым таасирлүү саясатчылар айрым саясатчылар, анын ичинде Мамдуманын төрагасынын биринчи орун басары Любовь Слуцка Чеченстанда президенттик башкарууну киргизүүнү сунуш кылды. Бу пикирди улутчул “Ата Мекен” партиясынын төрагасы, батыш аналитиктери Путиндин мураскери болот деп боолгоп жаткан Дмитрий Рогозин да жактады.

Кээ бир чечендер А. Кадыровдун өлүмү республикадагы жаатташтык согушун дагы күчөтөт деп кооптонушат. Казакстандагы чечен диаспорасынын башчысы жана Чечендердин дүйнөлүк конгрессинин орун басар төрагасы Ахмед Мурадовдун айтымында:

- Кадыров ашкан эр жүрөк, чечкиндүү жана тайманбас адам эле. Ал чечендерди абдан жакшы түшүнгөн. Аны алдап коюшканы өтө өкүнүчтүү. Азыр эми анын уулун да ошол тегирменге чегеришти. Эми уулу атасынын кунун кууп, “канга кан” деген зобун башталат.

XS
SM
MD
LG