Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

КУРМАНБЕК БАКИЕВГЕ КАРАТА «ЧАБУУЛ», БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВАНЫН СҮЙҮҮСҮ, САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ШАКАБАЛАРЫ


11-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөнүн 5 губернаторунун саясый портрети жөнүндө макала жарыяланса, ал эми “Адабий гезит” басылмасы өлкөнүн эл жазуучусу, академик Абдулхай Алдашевдин фронттон жазган каттарына орун берди.

11- майда, бүгүн жарык көргөн “Агым” басылмасында мурда 30-апрелде жарыяланган Беловодскийдеги жүгөрүнү кайра иштетүүчү завод алган 3 миллион сомдук кредиттин дайынсыз жок болгондугуна ошол мезгилдеги Чүй облусунун губернатору Курманбек Бакиевдин тийешеси барбы? деген макала кеткен эле. Мына ушул суроого Курманбек мырза: «Бул 3 миллион сомго менин эч кандай тийешем жок деп, ага карата жообун берип, башка маселелер боюнча да өз пикирин билдирген.

Ушул басылмада өлкөдөгү 5 губернатордун саясий портретине сүртүмдөр берилди. Мында губернаторлор Азамат Кангелдиев, Искендер Айдаралиев, Токон Шайлиева, Аскарбек Шадиев жана Жусупбек Шарипов эмне иш бүткөрүп, кандай иштеп жатканы жөнүндө кеп болот.

Ушул «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- «Агымдын» бул санын «Имидж» рубрикасы менен ачтык. Мында журналисттерибиз эл оозунда айтылып жүргөн имиштерди иликтеп, туура жооп берүүгө аракет кылышты. Өлкөдө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарга да орун бердик. Москва шаарындагы «Кыргыз биримдиги» коому ошол жакта иштеп жаткан атуулдарга кандай жардам берип, алар кандай көйгөйлөрдү тартып жаткандыгы тууралуу да макала бар. АКШдагы жакындап келаткан президенттик шайлоо жөнүндөгү электораттын пикирлери, Ирактагы согуштан кийин Жорж Буштун кадыр- баркынын төмөндөшү тууралуу материалдар жарыяланды. Үй-бүлөөдөгү зомбулуктун айынан 5 аялдын каза болушу жөнүндөгү Жамийла Таштанбекованын макаласы жана өлкөнүн маданий турмушун чагылдырган материалдар орун алды.

Шаршембиге жасууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” Кыргыз эл жазуучусу, академик, маркум Абдулхай Алдашевдин Ата мекендик согуш учурунда фронттон Кусейин Эсенкожоев менен Курман Кыдырбаевага жазган каттары жарыялап жатат. Ошондой эле жаш жазуучуларын “Нур борбор” бирикмесин уюштурган Абды Сариевдин азыркы учурдагы жаштарды чыйралткан ой- пикирлери, адабият чөйрөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу да макалага орун берилүүдө. «Адабий гезит» басылмасындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Айзада Көчкөнбаева мындай дейт:

- Белгилүү акын жана жазуучу, врач Касымбек Тазабековдун «Балким манасчы болот белем?!» деген макаласы жарык көрдү. Мында ал белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиеваны эскерип, аны жакшы көргөн бир врач жигит ооруп жаткан бийчиге өз канын берүү менен сактап калганы, экөөнүн сүйүүсүн айтып, алар жөнүндө өзүнчө китеп жазганы тууралуу кеп салат. Жазуучу Мырзаян Төлөмүшевдин «Хан Ормон оозго алынды» деген макаласында Токтогул сыйлыгына талапкер болуп жаткан Жапаркул Токтоналиевдин «Хан Ормон» аттуу китеби жөнүндө сөз болот.

11-майда жарык көрүүгө даярдалып жаткан «Кыргыз караван» басылмасында белгилүү жазуучу, сынчы жана окумуштуу Салижан Жигитовдун балалыгы, жаштыгы, эл билбеген окуялары, тамашалары жарыяланууда. Кыргыз музыкасына салым кошкон Рыспай Абдыкадыров менен Асанкалый Керимбаев тууралуу окурмандардын эскерүүлөрү жарык көрүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG