Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:37

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ КАНДУУ ОКУЯНЫН ЖАҢЫРЫГЫ ДАГЫ УЗАККА ЖАҢЫРАТ ОКШОП КАЛДЫ


Чеченстан президенти Акмат ажы Кадыровдун өлтүрүлүшү өлкөдөгү кырдаалды кысталыш жагдайга капталтты. Жохар Дудаевдин тушунда Орусияга каршы күрөшкөндөрдүн катарында жүрүп, Аслан Масхадовдун бийлиги орногондо оппозицияга өткөн Акмат ажы Кадыровдун көзүн тазалап коюу аракетин каршылаштары буга чейин деле бир нече ирет жасап көрүшкөн. Тамыры тереңге кеткен каршылыкты токтотуу аракетин жасап келаткан өлкө жетекчисинин өлтүрүлүшү ириде расмий Москваны кыжалатка салууда.

Чеченстандын президенттери дайыма кылыч мизинде жүрөрүн Жохар Дудаев менен Зелимхан Яндарбиевдин кайгылуу тагдырлары кашкайта ачып көрсөткөн. Экс-президент Аслан Масхадовдун тагдыры да арабөк.

- Аслан Масхадов мыйзамдуу жолдор менен шайланган мөөнөтүнүн аягына чейин иштеген жок. Анткен менен ал Жохар Дудаевдин ишин улантуучу, татыктуу шакирти катары тарыхта кала берет. З.Яндарбиев Жохар Дудаев жок кылынгандан кийин Аслан Масхадовго чейинки президенттин ролун алды. Түз жүргөндүгү, чыгармачыл адам катары калыс жүргөндүгү үчүн Орусиянын коопсуздук кызматы ФСБсы анын да канын төгүп ийди, - дейт парламент депутаты Дооронбек Садырбаев.

Жанкечтилердин колунан набыт болгон Чеченстандын президенти Акмат ажы Кадыров Жохар Дудаевдин тушунда Орусия федералдык бийлигине каршы чыккандардын бири болчу. Кийин президент Аслан Масхадов экөөнүн пикири келишпей, орусиялык федералдык бийликтин тилин тапкан саясатчы катары Чеченстан президенти болуп шайланган. Дооронбек Садырбаев бул өзү эртеби-кечпи боло турган окуя эле деп эсептейт.

- Акыры келип ушундай болорун Акмат Кадыров да билген. Башка саясатчылар да билген. Себеп дегенде, жанагы жанкечтилер каяктан чыгып атат? Жанкечтилер дөөгүрсүгөн зөөкүр жетекчиси бар, баскынчылык саясаты бар мамлекеттерде көп чыгып атат. Чоң мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн элине ыдык көрсөткөн жетекчилери бар мамлекеттен чыгып атат. Тынчтыкты азыркы В.Путин орнотуп аткан жолдор менен орнотууга болбойт эле. Автоматын кезеп туруп шайлоо өткөрүүгө болбойт эле, - дейт Дооронбек Садырбаев.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиевдин айтымында, кандуу окуянын жаңырыгы кыйлага созулушу ыктымал.

- Менин оюмча, бул окуянын таасири абдан чоң. Акмат Кадыровдун ролу, таасири абдан зор болчу. Жаңы президент качан шайланат, ким болот – ошол чоң маселе болуп атат.

Парламент депутаты Марат Султанов террорчулук айла кеткендеги акыркы амал, бирок да аны актоого эч кандай негиз жок деп эсептейт.

- Мына ошондуктан биз терроризмди эч качан актабашыбыз керек. Мен ойлоп атам, терроризм чыккан жерлер бул бийлик кысымга алып, эл өз ой-пикирин айталбаган жерлерде чыгып атат.

Чеченстандагы каршылыктын токтолбой, эки тараптын ымалага келе албай жатыш себебин Кыргызстандагы чечен жамаатынын өкүлү Шамил Дениев момундайча түшүндүрөт:

- Бул өзү таңууланган уруш. Чечендер андай, чечендер тигиндей деп атышып элди алаксытышып, ортодогу байлыкты бөлүп алышты. Эл сыртта эле калды. Урушту чыгарыштын себеби да ушул болчу. Мына азыр В.Путин аны токтотуш аракетин жасоодо. Бирок, бизде күчтүү президенттин да колунан келбес иш болот. Уруштун уланышына кызыккандар көп. Чечендерде “Мышыкка - оюн, чычканга - өлүм” деген накыл сөз бар, - дейт Шамил Дениев.
XS
SM
MD
LG