Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Кытайлык кыргыздар Ошто


ОШ. Кытайдагы Кызылсуу кыргыз автономиялык облусунун губернаторунун биринчи орун басары Иман Маамет баштаган чакан делегация Ошто болууда. Кытайлык кыргыз делегациясы 10-май күнү Ош облус губернатору Накен Касиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүдө меймандар Ош облусунун Ноокат районундагы Туурабулак күмүш кени, Алай районундагы алтын, мармар, мунай кендери менен жеринде таанышып, бул кендер боюнча толук маалымат алууга кызыкдар экендиктерин айтышты жана ага уруксат сурашты. Ылайыгы келсе келечекте ошол кендерди келишим негизинде ачып иштетүү ниети бар экендиктерин жашырышкан жок. Ош облус губернатору болсо кытайлык делегацияга Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо ишин тездетүү керектигин, Кызылсуу кыргыз автономиялык облусундагы Улуучат чөлкөмүндө ачылып, ишке берилип жаткан газды келечекте Кыргызстанга, эң оболу Ош облусуна тартып келип, Кыргызстандын электр энергиясы менен айрыбаштоо натыйжалуу боло тургандыгы жөнүндөгү пикирин билдирди. Бул боюнча тараптар алдын ала макулдашууга кол коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG