Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Баткенде мамлекеттик телекомпания көрсөтө баштады


БАТКЕН. Жаңыдан түзүлгөн Баткен облустук мамлекеттик телекомпаниясы 9-майдан тарта көрсөтө баштады. Облустук телекомпания жекшемби күнү алгачкы бир сааттык берүүсүн облус калкына тартуулады. Аталган телекомпаниянын жетекчиси Айбек Садыровдун 10-майда "Азаттыкка" билдиргенине караганда, телекомпания мындан ары ар жекшемби сайын бир сааттык берүү менен облус аймагына чыгып турмакчы. Ал эми бара-бара облус аймагы үчүн жумасына 8 саат, Кыргыз Улуттук телекөрсөтүүсү аркылуу өлкө аймагына жарым сааттан обого чыгуусу болжолдонууда. Облустук телекомпания ушул жылдын башында түзүлүп, ага облустук бюджеттен 1 млн. 243 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин телекомпанияны тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо жана чыгармачылык жамаатты топтоо иштери жүргүзүлгөн. Облуста "Баткен телекомпаниясы" деп аталган эркин телекөрсөтүү да бар. Быйылкы жылдын башынан тарта бул телекөрсөтүү ар жекшемби күнү 3 сааттык берүү менен облус аймагына көрсөтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG