Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Кыргызcтандын Акыйкатчысы Венгрияда


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бул күндөрү Венгрияда өтүп жаткан Европа Акыйкатчыларынын Ассоцациясынын жыйынына катышууда. Анда Венгриянын Акыйкатчысынын 10 жылдыгы белгиленип, Акыйкатчылардын аброюн жогорулатуу маселелери каралып жатат. Европа Акыйкатчыларынын Ассоцациясы Кыргызстандын Акыйкатчысын 3 жылдык мүчөлүк акы төлөмүн төлөөдөн убактылуу бошоткон. Турсунбай Бакир уулу жакында эле Түштүк Кореяда өткөн Азия Акыйкатчыларынын Ассоцациясына катышып келген. Ал жерден КМШ мамлекеттеринин ичинен Азербайжан менен Кыргызстандын Акыйкатчысынын иши жогору бааланган.
Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңесесинен билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG