Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

20-июнда Ажарияда шайлоо болот


ТБИЛИСИ. Бул тууралуу Грузия президенти Михаил Саакашвили жарыялады. Расмий Тбилиси ошондой эле Ажариянын ички иштер министрин жана Батуми шаар башчысын дайындады. Ажариянын жергиликтүү бийлигиндеги мындай өзгөрүүлөр мурдагы лидер Аслан Абашидзе өткөн аптадан кызматынан кеткенден кийин башталды. Тбилисинин талабынан жана жергиликтүү калктын нааразылык акцияларынан улам Абашидзе бийликтен кетүүгө аргасыз болгон. Абашидзе азыр Орусияда баш калкалап тургандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда.

XS
SM
MD
LG