Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Британия өкмөтү: Ирактагы мазактоолорго катышкандар жоопко тартылышат


ЛОНДОН. Британиянын премьер министри Тони Блэр бүгүн Эл аралык “Кызыл чырым” комитетинин Ирактагы мазактоолорго байланышкан дооматы тууралуу аз күн мурда эле кабардар болгонун айтып, бул боюнча өкмөт уюмга жооп кайтарарын билдирди.

- Жаман мамиле, жосунсуз жоруктун кайсынысы болбосун, иликтенип, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Акыйкаттык үчүн белгилеп коюу керек, Басрадагы, Ирактын башка аймактарындагы Ирактын эли үчүн кызмат өтөп жүргөн жоокерлер да бул окуя боюнча ушундай көз карашты тутунушат.

Кечээ премьер-министр Тони Блэр мазактоого катышкан британ аскерлери үчүн, ал эми өткөн апта этегинде АКШ президенти Жорж Буш кечирим сураган. Эми Британия коргоо министри Жеф Хун Ирактагы туткундарды мазактоого байланыштуу Парламентте билдирүү жасады. Анын айтымында, британ аскерлерин айыптаган 33 жагдай иликтенип жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG