Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Түркиянын өкмөтү исламдык билим берүү мыйзамын колдойт


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү түрк армиясынын сын-пикирин четке кагып, диний мектептер жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун парламентке жөнөттү. Бул мыйзам кабыл алынып калса, диний орто мектепти бүтүргөн балдар-кыздарга университетке өтүшү жеңилдемек. Өткөн аптада өлкөнүн генералдары бул мыйзам долбоору мамлекеттин динден ажырым же секулярдуу болушунун жоболоруна шек келтирет деп эскерткен.

Өкмөттүн маалымат катчысы Жемил Чичек кечээ Түркиянын демократиялык Конституциясы бул маселенин парламентте чечилишине жол берээрин билдирди. Маселе парламенттин күн тартибине эртең коюлат деп күтүлүүдө. Ал өтүп кеткен учурда да, секулярдуу түзүлүштүн жактоочусу катары белгилүү болгон президент Ахмед Неждет Сезер ага вето коюп коюшу ажеп эмес.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG