Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Иранда парламент аялдардын мурас укугун жакшыртты, бирок мыйзамдын күчүнө кирээри белгисиз


Ирандын учурдагы мурас мыйзамына ылайык, балалуу аял күйөөсүнүн көзү өткөндө андан калган оокат-мүлктүн сегизден бирине гана ээ болот. Калганы балдарына, чоң ата, чоң энесине, ата-энесине же бир туугандарына берилет. Эгерде бул адамдардын көзү өтүп кеткен болсо, күйөөсүнүн мүлкү мамлекеттин карамагына өтөт.

Мындан айырмаланып, эгер аялы кайтыш болсо, күйөөсү андан калган оокат-мүлктүн төрттөн бирине, демек аялынан эки эсеге көп мүлккө ээ болот. Иран парламенти жаңы кабыл алган мыйзамда аялдарга эркектер менен бирдей мурас алуу укугу ыйгарылды. Мыйзамды эми консерваторлор үстөмдүк кылган Көзөмөл кеңеши жактырышы керек. Көзөмөл кеңеши бул чарага катуу каршылык көрсөтүшү күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG