Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

АКШнын сенаты америкалык аскерлердин Иракта айыпкерлерге ыдык көрсөткөнүн айыптады


Жаңы аяктаган угууда Багдаддын жанындагы "Абу Грайб" түрмөсүндөгү укук бузуулар тууралуу отчет жазган генерал-майор Антонио Тагуба билдирүү жасады. Отчетто америкалык аскерлердин көптөгөн "киши чыдагыс караөзгөй жана кылмыштуу" иштерге барганы айтылат. Кечээ АКШнын коргонуу департаментинде болгондо, президент Жорж Буш ирактык айыпкерлердин кодуланышы Ирак элин кордогонго тете болгонун билдирди. Буш буларды кошумчалады:

- Мындай кодулоого жол бергендер келтирген залака түрмө менен эле чектелип калган жок. Алардын кылганы биздин максатыбызга көлөкө түшүрүп, биздин көздөгөнүбүздөн шек саноого түрткү болду.

Ошол эле мезгилде президент коргонуу катчысы Доналд Рамсфелддин кызматтан кетишине каршы чыгып, "катчы кынтыксыз иштеп жатат" деп ырастады.

Британиянын коргонуу катчысы Жефф Хуун кечээ британ парламентинде чыгып сүйлөп, учурда ирак түрмөлөрүндөгү кишилердин өлүмү, жараат алышы жана мазакталышы боюнча 33 иш каралып жаткандыгын билдирди. Катчы Иракта мыйзам бузган британ аскерлери жазаланат деп сөз берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG