Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Чегара заставасына кол салгандарга тергөө жүрүп жатат


ЖАЛАЛАБАД. Облустук ички иштер башкармасынын 11-майдагы билдирүүсү боюнча, 2041-аскер бөлүгүнүн Кербен чегара заставасына мас абалында кол салган бейтааныш 3 кишиге Кылмыш кодексинин 341-беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. 8-майда түнкү саат бир жарымда алар менен чегарачылардын ортосунда чыр чыккан. Кербен айылынын ушул 3 тургуну курал тартып алышмак болгондо чегарачы адегенде асманга, кийин жерге эскертүү огун чыгарган. Атын атагысы келбеген бейөкмөт уюмдун жетекчиси, жерден кайып кеткен октон улам кол салгандардын бири бутунан, ал эми чегарачылар таштан жаракат алгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG