БАТКЕН. 11-майда аталган программанын алкагында Баткен районунун Тажикстанга чектеш Кызылбел айылындагы орто мектепте бир жумалык көчмө жыйын башталды. Ага 120 окуучу катышып, спорттук оюндар менен гана алектенбестен, жашоонун сергек мүнөзү, чыр-чатактарды алдын алуу, толерантуулукка тарбиялоо боюнча бир канча окуулардан өтүшөт. Мындан сырткары мектепке спорттук аянтча курулуп, спорттук буюм-тайымдар менен камсыздалды жана окуучуларга спорттук бут киймдер берилди. Иш-чараны өткөрүү үчүн Кызылбел айылынын тандалып алынышына айылдын Тажикстанга чектеш жайгашуусу, ичкелте сыяктуу жугуштуу оорулардын көп чыгышы себеп болгон. Аталган программанын алкагында буга дейре Баткендин Тажикстан менен Өзбекстанга чектеш 7 айылындагы мектептерде ушундай иш чаралар өткөрүлгөн. Бул тууралуу маалымат аталган программанын Баткен району боюнча координатору Саатаалы Топчуевден ушул эле күнү алынды.