Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Мисир Ашыркуловго кол салуу боюнча сот иши каралат


БИШКЕК. 28-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу боюнча ачылган кылмыш ишине байланыштуу сот жараяны болот. Буга чейин сот ишинин каралышы 7-майга белгиленип, бирок Мисир Ашыркуловдун учурда Санкт-Петербург шаарында болгондугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунун судьясы Ирина Воронцованын төрагалыгында өтөт. 2002-жылдын 6-сентябрында Коопсуздук кеңешинин катчысына кол салган окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Ашыркуловго кол салган деп Бишкектин тургуну, 30 жаштагы атуул өлкөнүн Кылмыш кодексинин 6 беренеси боюнча күнөөлөнүүдө. Ал өткөн жылдын 27-июнунда шектүү адам катары кармалган жана ошондон бери Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо камакта жатат. Буга чейин соттук-психиатриялык текшерүүлөрдөн өткөн бул айыпталуучуга карата Республикалык психиатриялык ооруканасында стационардык шартта дарыланышы керек деген медициналык бүтүм чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» айыпталуучунун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

XS
SM
MD
LG