Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Социалдык мобилизациялоо жылына арналган форум өтөт


БИШКЕК. Эртең Бишкекте Социалдык мобилизациялоо жылына арналган үчүнчү улуттук форум башталат. Эки күндүк бул жыйынга президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Форумдун башкы максаты: өлкөдөгу социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу маселелерин талкуулоо, кедейчиликти кыскартуу жана социалдык мобилизациялоо багытында жүргүзүлө турган иш-чараларды тактоо болуп эсептелет. Улуттук форумдун катышуучулары 12-майда секциялар боюнча иштешет. Ал эми 13-майда Форумдун жыйынтыгы иретинде «Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары: кедейчиликти кыскартуу жана социалдык мобилизациялоо» деген аталыштагы резолюция кабыл алынат.

Президент Аскар Акаевдин атайын жардыгы менен 2004-жыл Кыргызстанда социалдык мобилизациянын жана акыйкат башкаруунун жылы деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG