Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Бир катар эл аралык келишимдер ратификацияланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы май айында каралуучу 70тен ашуун экономикалык, социалдык жана башка маселелерди күн тартибине койду. Жыйында өкмөт сунуштаган акциздик салыктардын өлчөмү боюнча мыйзам долбоору кийинкиге калтырылды. Ал эми КМШнын алкагында аскерий коопсуздукту камсыз кылуу багытында эл аралык 8 келишимдин жетөөсү, анын ичинен Орусиянын Канттагы авиабазасы тууралуу келишим да ратификацияланды. Ошондой эле “Аудитордук ишкердик тууралуу” мыйзам долбоору талкууга коюлуп, кабыл алынды. Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мурдагы “Чет элдик инвестиция” тууралуу мыйзам долбоорунун талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген “Кыргыз Республикасында чет элдик инвестиция тууралуу” жана “жергиликтүү инвесторлорду коргоо” багытындагы мыйзам кабыл алынды. Мыйзам чыгаруу палатасынын кезектеги жыйыны 13-майда өз ишин улантат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG