Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:17

Кошмо Штаттары Сирияга экономикалык санкцияларды жарыялайт


Бул тууралуу Вашингтон өз чечимин бүгүн билдириши мүмкүн. Сирияны америкалык бийликтер террористтик күчтөргө колдоо көрсөтүп жатат деп эсептейт. Сириянын чек арасы аркылуу Иракка ислам лашкерлери өтүп жатканын белгилеп, Ак үйдүн өкүлү Скотт МакКлеллан экономикалык санкциялар Дамаск бийликтерине бул маселедеги позициясын өзгөрткөнгө түрткү берет деген үмүтүн билдирди. Сирия болсо Вашингтондун ырастоолорун четке кагып, терроризмге каршы күрөшкө жетерлик күч-аракетин үрөп жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG