Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ирактагы аскери түрмөлөрдөгү абал бүгүн америкалык сенатта талкууланат


Палатанын аскери иштер боюнча комитетинде генерал Антонио ТэгУбанын көрсөтмөлөрү угулат. ТэгУба Ирактагы Абу Грейб жана башка абактардагы ирак туткундарын ыдыктоо фактылары боюнча ички аскери доклад даярдаган эле. Кечээ президент Жорж Буш күнөөлүүлөр катаал жазага тартыла тургандыгын кайрадан ырастады. Америка бардык адамдардын теңдигин жана кадыр-баркын бирдей урматтаган өлкө,ошондуктан ирак туткундарына катаал жана мазактап мамиле жасагандар толук өлчөмдө жооп берет, деп айтты Буш. Ирак түрмөлөрүндө ашкере болгон фактыларды бүгүн Кытай өкмөтү да айыптап, АКШ менен Британия эл аралык Женева конвенциясын бузуп жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG