Шаардын жүздөгөн тургундары радикал шейиттердин лидери ал-Садрды жана анын отряддарын калаадан чыгып кетүүгө чакырышты. Буга байланыштуу Нажафтын жаңы дайындалган губернатору Аднан ал-Зуруфи коалициялык администрацияга ал-Садр менен мунаса түзүүнүн шарттарын сунуш кылды. Эгер имам өз армиясын таркатып, шаардан чыгып кетсе, анда аны кармап, камакка алуу жөнүндөгү коалициялык бийликтердин көрсөтмөсү 30-июнга чейин токтотулушу керек. Губернатор бул шарттарды ал-Садр менен талкуулаганга, аны кырдаалды жайчылык менен жөнгө салууга жана бардык куралдуу топторду таркатууга көндүргөнгө аракет кылганга даяр экенин ырастады. Өткөн түнү Куфадагы уруштарда ал-Садрдын отрядынан он үч киши окко учту. Киркуктагы базарда жарылган бомбадан бери дегенде үч киши өлгөнү айтылууда.