Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:18

КЫЧАГАН КРИМИНАЛ, КОҢУЛДА БУККАН «КӨМҮСКӨ» ЭКОНОМИКА, УЛУТТУК АКЧАНЫН БЕДЕЛИ


Кыргыз басылмаларында ашынган кылмыштуулук боюнча жана “Пирамида” телеканалынын баштагы толкунда чыга баштагандыгы байма-бай талкууланууда. Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкеринин шаардын чоң көчөсүндө бараткан жеринен атып кетиши оголе көп божомол кептерди жаратууда. “Пирамида” телеканалына эми тоскоолдук кылышпайбы деген суроо кайрадан козголуп жатат.

Ош калаасында эки ишкана – “Ош арагы” жана Нан заводдору гана үзгүлтүксүз иштеп жатканын шейшембидеги “Республика” гезитинде Замира Сыдыкова “Чай ичип отурам...” деген очеркинде баяндаган. Карапайым калк жайма базарда отурат. Кыргызстандыктар Кытайдын арзанбаа буюмдарын Карасуу базарына алып келип сатат, өзбек ашыналар химиялык жер семирткич, бензинин сатып, ортодогу алака-катыш үзүлбөй келатат, деп белгилейт гезит автору.

Ушул эле гезиттин маалыматына ынансак, Жорж Сорос Кыргызстанга келген чакта ишин уланта баштаган “Пирамида” телеканалынын эртеңкиси арсар. Байланыш тармагынын жетекчисинин ырасташынча, ушу тапта “Пирамида” телеканалынын обого чыгуучу диапозону убактылуу гана берилген. Телеберүүлөрдү таратуучу антенанын бузулуп калышы тек гана шылтоо болчу. Негизги себеп кыргыз бийлигинин сүймөнчүгү “КООРТ” телеканалына кенен мүмкүнчүлүк берүү, ага атаандаш болчу каналды ара жолго калтыруу болчу, деп маалымдайт “Республика” гезити.

Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн шек менен эки атуул 8-май күнү кармалганын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити кабарлады. Министрликтин Кылмышты иликтөө башкы башкармалыгы шектүү делинген адамдар кармалганы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган жок. Жыл башынан бери Бишкекте 8 адам киши колдуу болду. Аларды өлтүргөн деген шек менен бир да бирөө кармала элек болчу, кийинки окуя милицияны намысына келтирген окшойт, деп жазат гезит кабарчысы Асел Оторбаева.

Кыргызстандын акчасы ушу тапта 11 миллиард сомду түзөт, анын өсүш темпи 9,1% чыкты. Улуттук банктын эларалык резервиндеги акчанын өлчөмү 388,7 миллион долларга жетти, деп маалымдайт гезит автору Елена Авдеева.

Кыргызстандагы кылмыштуулук темасына “Замандаш” журналы май айындагы санында токтолду. “Негизи Бишкектин көчөлөрү киллерлердин полигонуна айланып калганын Кыргызстандын прессасы байма-бай жазды, атүгүл Чикагого салыштырып ийгендер да болду. Адам атуу чымчык өлтүрүүдөй болуп калганбы дейсиң. Кала берсе буга аз-аздан көнүп да бараткандайбыз” деп жазат журналдын башкы редактору Абдыкерим Муратов. Ушул эле журналда жарыяланган маегинде ишкер Эмил Үмөталиев криминал экономика Кыргызстанда бийликке аралашып жатканын жарыя кылды.

“Замандаш” журналында жарыяланган айрым макалалар тууралуу редакция кызматкери Талант Жороев айтып берет:

- Журналдын бүгүнкү санында көмүскө экономика боюнча макала жарыяланды. Мындан тышкары эмдиги жылы болчу парламент, президент шайлоого карата журналдын позициясын билдирген макалага да орун берилди. Өлкөдөгү жашоо маанайын чагылдырган макалаларга да арбын орун берилди. Маданият тармагы боюнча таланттуу ырчы Зейнеп Шакеева жөнүндө жакшынакай макала жарыяланды. Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргыздардын турмушу, көйгөйү, проблемаларын чагылдырган материалдарга арбын орун берилди.
XS
SM
MD
LG