Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

АКШнын ТУТКУНДАРЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ КАРМАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирак түрмөсүндө чыккан чатактан кийин, америкалык маалымат каражаттары чет өлкөлөрдө кармалган туткундарды америкалык бийлик кай жерде жана кандай абалда кармаганын иликтөөгө киришти. 11-май күнү америкалык "Вашингтон пост" гезити бул маселеге атайын ири макала арнады.

"Вашингтон пост" гезитинин жазышынча, эл аралык террорчулукка каршы күрөш алкагында ар башка өлкөлөрдө кармалган туткундарды АКШ жетекчилиги Америкага алып келбейт. Анткени анда аларга каршы Туткундарга ырайымдуу мамиле кылуу боюнча Женева конвенциясы колдонулууга тийиш, кармалгандарга адвокат берилиш керек жана аларга каршы сот АКШда өткөрүлсө, ал бир кыйла ачык болууга тийиш.

Чет өлкөлүк абактардагы туткундарды АКШнын Коргоо министрлиги өзүнчө, Борбордук чалгындоо агенттиги өзүнчө кармайт, ал эми кээ бир туткундар бир өлкөдөн улам башка өлкөгө жөнөтүлүп, кармалган жайы өзгөртүлүп турат. Гезиттин жазышынча, муну дагы америкалык жетекчилик атайын уюштурган, анткени туткундардын кармалган жайы улам алмашылып турса, адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдардын көзөмөлүнөн аларды чыгарып кетүү мүмкүн.

Коргоо министрлигинин чет өлкөлүк туткундары негизинен Иракта кармалган жана алар Багдад шаарынын алдындагы "Абу Грэйб" түрмөсүндө жайгашкан. Чатак чыккан учурда анда алты миңден жети миңге чейин адам кармалган, азыр алардын жалпы саны сегиз миңдин тегерегинде. Бул абакта кимдер жана кандай шартта кармалганы тууралуу АКШ жетекчилиги маалымат бербейт.

Дагы алты жүзгө жакын туткунду Коргоо министрлиги Куба аралындагы "Гуантанамо Бэй" аттуу ачык асман алдындагы абакта кармайт, алар негизинен Ооганстандагы согуш учурунда колго түшкөндөр. Туткундарды суракка алган учурда аларга каршы колдонууга уруксат берилген кыйноолордун тизмеси да бар, алардын катарына уктатпоо, ысык жана суукту же өтө күчтүү жарык жана катуу музыка колдонуу кирет.

Андан тышкары, Коргоо министрлиги дагы үч жүзгө жакын туткунду Ооганстандын өзүндө - Баграм, Кандагар, Жалалабад жана Асадабад шаарларында кармайт. "Хьюман райтс вотч" уюмунун айтымында, бул туткундарга каршы дагы уктатпоо же ысык менен суук колдонуп, тепкилөө ыкмалары колдонулат. Ооганстанда 2002-жылдын декабрында эки жана 2003-жылдын июнунда дагы бир түткун курман болгон.

АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги болсо өз туткундарын негизинен Пакистан, Йемен жана Судандын абактарында кармайт, андан тышкары, дагы эле Багдадда жаткан Саддам Хусейн үчүн дагы ушул агенттик жооптуу. Агенттиктин колуна "ал-Каиданын" жетекчилери Халид Шейх Мохаммед, Рамзи Биналшибх жана Абу Зубаида түшкөн. Алар негизинен туулуп-өскөн өлкөлөрүндө кармалып суракка алынат, анткени ошол өлкөнүн адистери адат-салттарды жакшы билип, алардын туугандарына да басым жасоого мүмкүнчүлүгү бар. Агенттиктин жетекчилигинин Конгресске билдиргенине караганда, туткундарга эч кандай кыйноо колдонулбайт, бирок атын атабоону өтүнгөн адис "Вашингтон постко" билдиргенине караганда, кыйноо көп жылдардан бери көнүмүш ишке айланган. Агенттиктин Кабулдагы сурак жайын эл "ор" деп атаганы эле көптү түшүндүрөт.

Буга кошумча Борбордук чалгындоо агенттиги бир топ туткунду бир өлкөдөн башка өлкөгө улам которуп турат. Ал мамлекеттер негизинен Мисир, Марокко, Йордания жана Сауд Арабия, акыркы мезгилде болсо аларга Сирия да кошулду. Башка өлкөлөрдө кармалып, бирок алар тарабынан акталган адамдарды да кээде агенттик жашыруун алып кетип, аларды эмгиче эч сотсуз өз жайларында кармайт. Мисал үчүн, Боснияда колго түшкөн бир алжирдик жана бир йемендик жаран акталганда, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги 2002-жылдын 17-январында аларды "Гуантанамо Бэйге" жашыруун алып кеткен. Ошол эле айда Мухаммед Саад Икбал Мадни атуу адам Индонезиядан Мисирге жашыруун алып келинген.

Мындай чаралар коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик сырларды сыртка чыгарбоо себептери менен түшүндүрүлөт.
XS
SM
MD
LG