Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Жетилик маалымат алмашып турат


Өнөр-жайлуу өлкөлөрдүн жетилтиги жоголгон жана уурдалган паспорттор тууралуу маалымат алмашып турууга макулдашышты. Дүйнөдөгү эң ири жети өлкөнүн юстиция жана коопсуздук министрлери кечээ Вашингтондо жыйын өткөрүп, терроризмге каршы күрөштүн чегинде ушул чараны жактырышты. Алар уурдалган актай паспортторду террористтер тигил же бул өлкөгө кирүү үчүн колдонушаарын белгилешти. Министрлер ошондой эле паспортторду бурмалап жасоону кыйындатуу максатында, бармактын изи жана көздүн кареги сыяктуу "биометрикалык көрсөткүчтөрдү" колдонууга киргизүүнү тездетүүгө кол алышты. Өнөр жайлуу жетилтикке Кошмо Штаттары, Орусия, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапания кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG