Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

АРМЕНИЯ: БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ МУНАСАГА КЕЛЕБИ?


Учурда Арменияда бийликтеги коалиция менен оппозициячыл күчтөрдүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Анын максаты - өлкөдө акыркы бир айдын аралыгында күчөп кеткен саясий кризисти жөнгө салуу. Бирок байкоочулардын пикиринде, мунаса табыларына үмүт аз. Өткөн айдын башынан бери Армениянын оппозициячыл партиялары президент Роберт Кочаряндын отставкасын талап кылып, Ереванда бир нече жолу ири демонстрацияларды өткөргөн болчу.

Армениядагы азыркы саясий киризистин учугу өлкөдө былтыр өткөн президенттик шайлоодо жатат. Өлкөнүн азыркы президенти Роберт Кочаряндын былтыр февраль-мартта болгон шайлоолордогу жеңишин оппозициячыл күчтөр тааныган эмес. Алар президент Р.Кочаряндын кайра шайланышы добуштарды олуттуу бурмалоонун натыйжасында камсыздалган деп эсептешет. Шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун кезинде эл аралык уюмдар да белгилешкен болчу.

Учурда армян оппозициясы президент Роберт Кочаряндын бийлигинин легитимдүүлүгү жөнүндөгү маселени көтөрүүдө. Ушундан улам алар мамлекет башчысына ишеним көргөзүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуштап жатышат. Быйыл жыл башында армян парламенти аталган сунушту талкуулоодон баш тарткан эле. Оппозициячыл партияларга армян парламентиндеги 131 орундун 25тейи гана таандык болгондуктан алардын сунуштарынын колдоо табышы кыйын.

Апрель айынан башынан бери Ереванда оппозициячыл партиялардын негизги эки бирикмесинин демилгеси менен бир нече демонстрациялар өтүп, ага миңдеген адамдар катышты. Көчөгө чыккандар президент Р.Кочаряндын отставкасын же болбосо ага ишеним көргөзүү боюнча референдум өткөрүлүшүн талап кылышкан болчу.

Өз тарабынан армян бийликтери да демонстранттарга каршы күч колдонууга барган эле. Жүздөгөн адамдарды камакка алган. Бул тууралуу адам укуктарын коргоочу "Хьюман Райтс Уочт" уюмунун Армениядагы окуяларды камтыган докладында айтылган. Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы болсо өткөн айдын соңунда атайын резолюция кабыл алып, армян оппозициясы менен өкмөтүн эч шартсыз эле сүйлөшүү столуна олтурууга чакырды.

Бир ай бою өткөн демонстрациялар, башкаруучу коалицияны, президент Роберт Кочаряндын жактоочуларын оппозиция менен легитимдүүлүк маселесин талкуулоого аргасыз кылгандай, бирок алар референдум жөнүндөгү сунушту эч убакта кабыл албасын ишаара кылууда. Ал эми оппозиция болсо бул сунуш өтпөсө, диалогду улантуу мүмкүн эмес экенин айтып жатат.

Эмнеси болсо да тараптар өткөн аптадан тартып сүйлөшүү столуна отурду. Армян оппозициясынын негизги эки бирикмеси да 14-майга чейин, он күнгө демонстрацияларга мораторий жарыялоого макул болгон. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Еревандагы бюросунун кабарчысы Эмил Данелиан учурдагы жагдайды мындайча мүнөздөйт:

- Бул эмнеге алып келээри азырынча белгисиз. Көпчүлүк байкоочулар өлкөдөгү азыркы кризисти, чыңалууну токтото турган кандайдыр бир мунаса макулдашуу болооруна мүмкүнчүлүк өтө эле аз деп эсептешет. Себеби сүйлөшүп жаткандардын позициясы ар кандай. Ал эми демонстрациялардын кезектегиси 14-майда Ереванда өткөнү жатат. Алар улантылат деп күтүүгө болот. Анткени азыркы кризис сүйлөшүү жолу менен жөндөлөөрүн көргөзгөн обьективдүү жүйөөлөр жок, кандайдыр бир мунаса табылаарын элестетүү да кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG