Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

СПИДге КАРШЫ ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯ СУНУШ КЫЛЫНДЫ


Мындан чейрек кылым илгери эч кимге белгисиз болгон ВИЧ-инфекция, же СПИД дартынан андан бери дүйнөдө 20 миллиондун тегерегиндеги адам ажал тапты. Бул жугуштуу ооруну жуктургандардын жалпы саны азыркы тапта 40 млн. кишиден ашты. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму шейшембиде жарыялаган доклад "Тарыхты өзгөртпөсөк болбойт!" деген ураан алдында жазылган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 11-майда жарыяланган жаңы доклады "Тарыхты өзгөртүү" деп аталат. Анда адамзаттын келечегине коркунуч жараткан "ХХ кылымдын тумоосуна" каршы күрөштүн жалпы стратегиясын өзгөртүү, ооруну алдын-алуу, дарылоо, бейтаптарга кам көрүү, көп жылдык колдоо көргөзүү аракеттерин бириктирип атайын программа иштеп чыгуу сунушу камтылган. Докладда жугуштуу СПИД дартынан айрыкча жарды мамлекеттер катуу жабыр тартып жатканы белгиленип, мисалга Кариб алабындагы эң кедей өлкөлөрдүн бири – Гаитидеги кырдаал сүрөттөлгөн.


Расмий маалымат боюнча, Гаитиде 250 миң адам иммундук дефицит дартына кабылган, былтыр бул оорудан кайтыш болгондордун саны 30 миңден ашкан. Эксперттер 7,5 млн. адамдан ашуун калкы бар чакан өлкө үчүн СПИД дартынын жайылуу ылдамдыгы өтө коркунучтуу деңгээлге жеткенин белгилеп жатышат. Андыктан, жакында Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы күрөшүү боюнча департаменти опурталдуу оору соңку жылдары тезинен жайылып бараткан Кариб деңизин жээктеген чөлкөмдө, Чыгыш Европада жана мурдагы советтик жумурияттарда жаңы стратегиясын үлгү иретинде сынактан өткөрө баштады. Ал тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Томсон Прентис буларды билдирди.

- Бул коркунучтуу эпидемиянын жайылышына каршы чечкиндүү аракеттерди көрүү мезгили эбак бышып жетилген. Баарынан да Африка, Азия өлкөлөрүндө жана башка кирешеси аз, эли кедей региондордо кырдаал кооптуу.


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладында мурдагы постсоветтик аймак да кооптуу чөлкөм катары көрсөтүлгөн, анын алкагындагы Кыргызстанда, маселен, ВИЧ-инфекцияны жуктургандардын саны 534 адамга жеткен. СПИД дартына каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Борис Шапиро маселенин өзөгү канча киши ооруп жатканында эмес, илдеттин дүйнөлүк деңгээлде ирилеп бараткандыгында деген пикирде.


Бишкектик дарыгер жугуштуу СПИД дартынын жайылышын азайтуунун эң маанилүү жагдайы бул оору кандай жол менен жугаары тууралуу туура маалыматтарды элге жеткирүү деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG