Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:18

ӨЛКӨДӨ ЖУМУШСУЗДАР КӨП


Султан Раев, Бишкек Кыргызстан дүйнөлүк эмгек ресурстарын изилдеген уюмдун адистеринин айтымында эмгек ресурсу чектелген өлкөлөрдүн тизмесине кирет. Мындай өлкөдө жумушсуздук маселеси номур биринчи маселеге айланып, ал сырткы эмгек миграцияга көбүрөөк көз каранды бойдон кала берет.

Бүгүн өлкөдө сырткы эмгек миграциясын жөнгө салган мыйзам механизминин жоктугунан Кыргызстандын миллионго жакын жарандары башка өлкөлөргө жалданып иштеп, көп кордуктарды көрүп жатат. Башка өлкөлөргө иш издеп барган кыргыз жарандары эки тараптуу келишимдердин жоктугунан мыйзам бузууларга барып, ушул тапта 1300дөн ашуун атуулдар түрмөлөрдө, барымталарда жатат. Бул проблеманы чечүүгө Кыргызстан тарабынан кандай кадамдар жасалышы керек, анын негизги себеби эмнеде?

Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тартып эле өзүнүн эшигин кеңири ачкан - ачык мамлекетке айланды. Бул процесс тек гана Кыргызстандын бир жактуу "ачык эшик" саясатын жүргүзгөндүктөн эмес. Ал эки тараптуу, башкача айтканда, кыргыз жарандары үчүн да башка өлкөлөрдүн эшиги да ачылып, чет өлкөлөр менен болгон алакалар гана эмес, өлкө жарандары үчүн экономикалык мейкиндик да кеңейди. Ал процесс Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, жумушсуздук өскөн сайын анын табигый жолу да арифметикалык прогрессия менен өсүү жолунда барат. Бирок - дешет байкоочулар, - өлкөдөгү жумушсуздуктун курч коюлуп жаткандыгынан улам, сыртка эмгек миграциясына кетип жаткан кыргыз жарандарынын так саны менен, алар кайсы өлкөгө, кандай багыт менен кетип бараткандыгын изилдеген, бул проблема менен иштеген мамлекеттик органдар да азыркы күндө так картинаны айтып бере албайт. Ал эми башка мамлекеттердеги элчиликтер бул маселени эбак көз жаздымдан чыгарып, ушул кезге чейин аларда мекендештер менен иштөөнү алып баруучу адистердин жоктугу ырастап турат. Тескерисинче, кыргыз жарандыгы бар атуулдар мыйзамсыз миграцияда жүрсө, мындай адамдар менен элчиликтер иш алып барууну мыйзамга туура келбейт деп баалашат. Канткен күндө да, кыргыз жарандары чет элде, биринчи кезекте Кыргызстандын жарандары катары эсептелет.

Кыргызстандын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Мухтар Орозбеков бул маселени атайын Орусияга барып изилдеп келген. Ал төмөндөгүдөй маселелерге токтолду:

- Мен кечээ жакында жумушчу командировкада Москвада болуп келдим. Ошол Москва шаарынын өзүндө Кыргызстандын Карасуу районунан барып иштегендер бар экен. Негизинен алар курулушта иштеп жатыптыр. Алар менен сүйлөшсөк, алардын тапкан акчасынын жарымын жергиликтүү укук коргоо органдары тартып алыптыр. Анткени "силердин бул жерге келип иштегенге уруксатыңар жок, каттоодон өткөн эмессиңер, мындай эл аралык келишим эки мамлекеттин ортосунда жок" деген бир топ себептерди таап атышат. Ушул себептен эки мамлекеттин ортосунда эл аралык жумуш алмашуу боюнча, жумушчулар менен бири-бирин жөнөтүп туруу боюнча келишим, мыйзам болгондо барып иштегендер жарым акчасын ар кимге тарттырып жибербейт эле. Барып иштеген жумушчуларга ошол мамлекетке өтө керектүү жана Кыргызстан алардын артынан кам көрүүсү зарыл деп ойлойм.

Кыргызстандын калкы акыркы маалыматтарга караганда 5 миллиондон ашып кетти. Бирок эмгек ресурстарын эске алганда, дагы 10-15 жылдан кийин өлкөдө жумуш табуу маселеси эң орчундуу проблемага айланышы мүмкүн деп эсептешет адистер. Мына ушул мааниден алып караганда чектелүү эмгек ресурстук мүмкүнчүлүгү бар Кыргызстан үчүн эмгек миграциясы негизги каражат табуунун булагы бойдон кала бермекчи.

Бу багытта кандай мыйзам актысын иштеп чыгуу зарыл экендиги тууралуу өлкөнүн экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевге кайрылганыбызда ал төмөнкү ойлорун ортого салды:

- Эмгек миграциясы боюнча эл аралык уюм Кыргызстандагы эмгек ресурстары чектелген дегенге мен көп ишенбейм. Кыргызстан үчүн, менин оюмча, эмгек ресурстар жетиштүү. Өзүңөр билгендей, жарым миллион мекендештерибиз Орусияда, 50 миңдейи Казакстанда, Украина жана башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Маселе экономикада болууда. Биздин экономикабыз өнүгүп, бизнес үчүн ылайыктуу шарттар түзүлсө, коррупция кичине азайса, ошондо өнүгүп, көп кишилерге жумуш табылат.

Кыргызстан ички экономикалык кырдаалын сырткы эмгек рыногусуз чече албай турган мамлекеттердин катарына кирет, деп баалашат адистер. Демек, өлкө үчүн жаңы эмгек ресурстарын ачууга, ага мыйзамдуу негиз бере турган практикалык кадамдар керек. Ансыз бул маселени чечүү олуттуу проблемаларды жаратат. Мына ушундай кырдаалдан улам жүздөгөн кыргызстандыктар мыйзам бузуп, башка өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө жатат. Бул маселе тууралуу серептин экинчи бөлүгүндө сөз кылмакчыбыз.
XS
SM
MD
LG