Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

ЭЛ ЭНЕСИ КАНЫКЕЙ


Балбай Алагушов Бишкек Саякбай Каралаевдин айтуусунда "Узун чачтын ыктуусу, ургаачынын мыктуусу, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын пашаасы" делип мүнөздөлгөн Каныкей "Манас" эпосунун башкы каарманы. Ал үчиликтин баардыгына катышат.

Каныкей - Манастын атасы кудалап алып берген зайыбы. Каракандын (Темиркандын) кызы. Анын айлакердиги, акылдуулугу, эр жүрөк баатырдыгы секелек кезинен башталат. Каныкейдин шердиги Чубак баатыр менен жекеме-жеке кармашканда "Төрт жолу курчоодон Букарды куткарганда" көрүнгөн. Каныкей Манаска баш кошкон күндөн ага ар дайым жардам берген, акылын айткан бирден-бир эң мыкты кеңешчисинен болот.

Каныкейдин асыл сапаттары эпостун биринчи бөлүмүндө ачылат. Айрыкча анын эрдиги, акылмандыгы, айлакердиги үйлөнүү тоюнда, Чубактын Букарды камаганында, Манастын сөөгүн коюуда, күмбөзүн салууда көрүнгөн. Ал эми Каныкей көзкамандардын окуясында, Көкөтөйдүн ашында, чоң казатка жана башка көптөгөн окуяларга жандуу катышат. Ал бир нече жолу Манасты өлүмдөн куткарат.

Акылмандуулугу, айлакердиги менен отко салса күл болбогон, жоого түшсө күң болбогондуктан, калк энеси аталат. Каныкей колунан көөрү төгүлгөн узчунун узу. Ал баатырлардын баардыгына, бойлоруна, өңдөрүнө, жаштарына куп жарашкандай жоодо кийүүчү ок өткүс кийимдерди тиккен. Алдын ала курал-жарактарды да даярдаган. Каныкейдин тиккен кийиминин бышыктыгы, касиеттүүлүгү Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө да көрүнгөн. Каныкей тиккен кандагай шымды Кошой кийип, Жолой менен күрөшүп, жеңишке жетет. Каныкейдин камкорчулугу, сарамжалдуулугу жоокерлердин баштарына кыйынчылык түшүп арып-ачканда жей турган күлазык камдап, түрдүү дары-дармектерди даярдоодо, Манастын Аккуласын "күрүчтөн күрмөк жем берип, күндө терин алып" саяпкерлердей таптоодо да таасын байкалган.

"Шум жалган жум жалгандан ким калган болуп", Манас өлгөндөн кийин бардык оорчулук Каныкейдин мойнуна түшөт. Уулу Семетейди атасындай баатыр, акылман, элин, жерин сүйгөн, четки душмандардан коргогон эр-азаматтан болуп өсүшү үчүн кара жанын карч урат. Айрыкча, Каныкейдин дидары Тайторуну чапканда, "Каныкейдин жомогу" аттуу эпикалык чакан бөлүмдөрдө айдан ачык ачылат.

Ал эми "Сейтек" бөлүмүндө Каныкей карыса да кайратынан кайтпай, акылынан жанбай, келечегинен үмүтүн үзбөйт. Манасчылардын айтуусунда, Каныкей Сейтек эр жеткенде Семетей, Айчүрөк, Бакайга кошулуп, аалам кезип, көздөн кайым болушуптур.
XS
SM
MD
LG