Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

БАГДАД АБАГЫНДАГЫ МАЗАКТОО ОКУЯЛАРЫ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Багдаддын "Абу Грэйб" түрмөсүндөгү окуяларды иликтеген генерал Антонио Тагуба 11-май күнү америкалык Сенаттын комитети алдында чыгып сүйлөдү. Генералдын айтымында, туткундарды мазактоого аскерлер арасында жетекчиликтин жана тартиптин жоктугунан жол берилген.

Багдаддын алдындагы "Абу Грэйб" түрмөсүндөгү мазактоолор жана кыйноолор тууралуу АКШнын аскерий жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын 13-январында белгилүү болгон жана ал маалыматтарды текшерүү үчүн 16-январда атайын комиссия түзүлүп, аны жетектөөгө генерал Антонио Тагуба дайындалган. Бир жарым айдын ичинде Тагуба 50 барактан турган доклад даярдап, аны 3-мартта жетекчиликке тапшырган жана Ирактагы америкалык аскерлердин ал кездеги башчысы генерал Дэвид Маккиман расми тергөө баштоого буйрук берген.

Алманиянын ДПА агенттигинин жазганына караганда, президент Жорж Бушка окуя тууралуу кабар февралдын башында берилген, коомчулукка болсо биринчи кабарды америкалык "Си-Би-Эс" сыналгысы 28-апрелде тараткан.

11-май күнү генерал Тагуба америкалык Сенаттын аскерий маселелер боюнча комитетинин алдында сүйлөдү жана анын айтымында, туткундар суракка алынып жатканда аларды кыйноо же мазактоо жөнүндө жогорудан келген кандайдыр бир буйруктун бар экендиги тууралууу эч далил табылган жок. Мазактоолорго алып келген негизги себеп, Тагубанын пикиринде, армияда көзөмөлдүн жоктугу эбегейсиз деңгээлге жеткендигинде:

- Бригада башчылыгынан төмөнгө чейин жетекчиликтин катачылыгы, тартиптин жоктугу, эч кандай окуу же машыгуунун жоктугу жана жогорудан көзөмөл болбогону мазактоолордун негизги себебине айланган. Көзөмөлдүн жоктугу эбегейсиз деңгээлге жеткен.

Тагубанын айтымында, мазактоолор өткөн жылдын күз айларында катталган жана ал кезде "Абу Грэйб" абагына чалгындоо кызматынын полковниги Томас Паппас башчылык кылган. Анткен менен Сенаттагы угууга катышкан чалгындоо кызматынын өкүлү Стивен Камбоундун айтымында, полковник Паппас чалгындоо иштери үчүн гана жооптуу болчу, ал эми жалпы башкаруучулук армиянын өзүнө таандык болгон.

Тагуба жана Камбоундун экөөнүн тең пикиринде, мазактоолор маселесине АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин кандайдыр бир ченемдеги тийешеси бар. Комитет алдында 7-май күнү коргоо министри Доналд Рамсфелд да чыгып сүйлөгөн жана анын айтымында, күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланат.

Чатак эл аралык деңгээлге көтөрүлдү, ал эми Кабулдагы АКШ элчилигинин айтымында, америкалык жетекчилик азыр Ооганстанда дагы бир ушундай окуяны иликтей баштады. Бир ооган полициячынын айтымында, 2003-жылдын август айында ал камакка алынып, Гардез жана Баграм абактарында кармалганда, коалициялык күчтөр ага да каршы ушундай мазактоолорду колдонгон. "Вашингтон пост" гезитинин жазышынча болсо, Ооганстанда 2002-жылдын декабрында эки жана 2003-жылдын июнунда дагы бир туткун курман болгон.

Ирактын тургундары арасында жана кеңири араб дүйнөсүндө бул окуялар белгилүү ченемде антиамерикалык маанайды күчөттү. Сириянын президенти Башир Асад испаниялык "Эл паис" гезитинде 10-май күнү жарык көргөн маегинде Жакынкы Чыгышта акыркы мезгилде террорчулуктун күчөгөнүнө АКШ жооптуу деп билдирди. Анын айтымында, террорчулукту жок кылуу үчүн аны жараткан себептер жок кылынууга тийиш, ал үчүн болсо Палестина же Ирак маселелери адилеттүү чечилиш керек.

"Ал-Каида" террордук тобу менен байланышкан бир интернет-сайт болсо 11-май күнү америкалык туткун Ник Берг аттуу жигиттин башы кантип кесилгенин көрсөттү. Аны мууздаган адамдардын айтымында, алар америкалык жетекчиликке кайрылып, ал жигитти "Абу Грэйб" абагындагы туткундарга алмашууну сунуштаган, бирок америкалыктар ага макул болгон эмес. Буга чейин 2002-жылы Пакистанда "Уолл стриит жорнел" гезитинин кабарчысы Дэниел Пөрлдун мууздалганы дагы видеого жазылып алынып, кийин көрсөтүлгөн. Быйыл апрелде болсо италиялык туткун Фабриццио Кватроччинин Иракта өлтүрүлгөнү дагы видеого жазылган экен, бирок "Ал-Жазира" сыналгысы аны обого чыгаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG