Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Жыргалаң шахтасынын материалдык-техникалык базасы жакшыртылат


КАРАКОЛ. Маалыматка караганда, Жыргалаң шахтасынын жергиликтүү салыкка, социалдык фондго, электр жарыгына, эмгек акыга жана башка төлөмдөргө болгон карызы 2 млн. сомго чыкты. Жергиликтүү калктын айтымында, жылдап эмгек акы алышпаган шахтерлордун жашоо-шарттары өтө төмөн. Табигый шарты катаал бул аймакка автоунаа оңой менен каттабайт, телефон байланышы жок. Шахтада иштөө үчүн кадрлар жетишпейт, күнүнө 5-10 тонна гана көмүр өндүрүлөт. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн алар облус жетекчилигине кайрылышкан. Облус губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, республиканын президенти Аскар Акаев шахтага 11 миллион, ал эми облустук бюджеттен 10 миллион сом жардам берилди. Бул акча каражаттарына керектүү жабдуулар алынат.

XS
SM
MD
LG