БИШКЕК. Өлкөнүн каржы министри Болот Абилдаев Азия өнүктүрүү банкынын башкармалынын кеңешинин жылдык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул жыйын 15-17-майда Түштүк Кореяда өтүп, анда банктын 2003-жыл боюнча отчету угулуп, быйылкы жылга бюджети бекитилет. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ири донорлорунун бири.