БИШКЕК. Будалыктагы жер көчкүдөн жапа чеккен адамдарга гуманитардык жардам берүү улантылууда. АКШнын коомдук уюмдары күнүмдүк жашоого зарыл буюмдарды жана тамак-аш жөнөтүштү. "Сити Хоуп Интернешнл" уюму 20 миң доллар өлчөмүндө ун, күрүч, май, шекер өңдүү тамак-аштарды кырсык болгон жерге жеткирди. Америкалык Каунтерпарт Интернешенл уюму кийим-кечек, чатыр үйлөрдү белек кылды. Ал эми Кыргызстандын премьер-министринин аппаратынын кызматкерлери бир күндүк айлыгын Будалыкта каза болгондордун жакындарына жана жапа чеккендердин эсебине которду.