Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

12-майда Ооганстанды калыбына келтирүүгө арналган Бишкек конференциясы өз ишин аяктады. Ага катышкан сегиз мамлекеттин делегациялары биргелешкен билдирүү менен чыгышып, Бишкек декларациясын кабыл алышты.

Ооганстанды калыбына келтирүүгө арналган жыйындар буга чейин Бонн, Токио жана Берлин шаарларында болгон. Берлин конференциясында дүйнөдөгү 50 донор мамлекет 8 миллиард 200 миллион доллар бөлүү керек деген чечимге келген. Бишкек конференциясына болсо Борбор Азиядагы беш мамлекеттин жана Иран, Пакистан, Ооганстандын министрлери деңгээлиндеги делегациялары катышып, Ооганстанды чөлкөмдөгү жаңы өнөктөш мамлекет катары таанып, аны менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин жарыя кылышты.

Мындай ниет конференциянын жыйынтыктоочу документи катары кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө жана Бишкек декларациясында белгиленди. Буга Ооганстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгы, улуттук өкмөтүнүн иштеп жаткандыгы жана өлкө ичиндеги туруктуулуктун бекемдей баштагандыгы негиз берээри айтылды.

Конференцияларда белгиленген багыттарды ишке ашырууга донор мамлекеттер менен каржы институттарын көмөктөшүүгө чакырышып, ал үчүн жардамдардын көлөмүн көбөйтүүнү сунушташты. Ал эми мындай ниеттерди ишке ашыруу үчүн конференцияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, социалдык саясатты ар тараптан иликтөө, чөлкөмдүк институттарды түзүү, кадрларды даярдоо, ал үчүн билим берүү боюнча бирдиктүү комиссия түзүү жана ички байланышты өркүндөтүү зарыл деген милдеттер алдыга коюлду.

БУУнун Өнүгүү программасынын Ооганстандагы өкүлү Эржан Мурат конференциядан кийинки маалымат жыйынында БУУнун Өнүгүү программасы айтылган сунуштарды кабыл алаарын билдирди:

- Албетте, Өнүгүү программасы сунуштарды кабыл алат. Ооганстанды калыбына келтирүүдө регион өзүнүн ресурстарын пайдалана алат. Ал үчүн маалыматтарды жыйнап, анализдөө, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мониторингин жүргүзүү керек деген сунуштар колдоого алаарлык.

Конференциянын катышуучулары бул жолу мурдагы жыйындардан айырмаланып, Ооганстанды калыбына келтирүү ишине жеке тармактын өкүлдөрүн көбүрөөк тартуу керек деген бүтүмгө келишти. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсү боюнча, конференция маалында ишкерлер өз ара кызматташууну талкуулашты:

- Ооганстандын жана конференцияга катышкан башка мамлекеттердин ишкерлери Бишкектин бир катар ишканаларына барышып, ал жерде өз ар кызматташууну талкуулашты. Биздин ишкерлер Ооганстан жарыялаган тендерге катышууга даяр.

Ал эми Кыргызстандын ишкерлер ассоциациясынын президенти Эмил Үмөталиев ишкерлер Ооганстанга барып иш жүргүзүүгө азыр даабай турат деген ойдо:

- Биздин ишкерлердин өтө кызыкканы байкалган жок. Менин оюмча, буга биздин ишкерлердин рынокко жаңыдан аралашып, активдүү ишкерлик өнөргө, шыкка ээ боло электиги себеп болууда. Биз жөнөкөй жерлерде иштеп, жөнөкөй жагдайда өнүгүп деле кете элекпиз. Ал эми Ооганстандай жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн чечкиндүүлүк жана өзгөчө шык керек. Ооганстанда жаңы мүмкүнчүлүктөр бар. Аларды өздөштүрүү үчүн мурдагы калыптанган мамиледен башкача ык менен иштеп, өзүнө пайда табуучу адамдар керек болуп жатат. Андай чечкиндүү ишкерлик бизде жетишсиз болуш керек.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан көп жылдан бери Борбор Азия мамлекеттери үчүн терроризм менен маңзаттардын булагы катары коркунуч туудуруп келгендигин белгиледи. Президент А.Акаев андай коркунучту болтурбоо үчүн Кыргызстан Ооганстанга ар тараптан жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Ал ошондой эле Бишкек конференциясында иштеген жумушчу топтор белгилеген милдеттерди аткарыш үчүн Борбор Азиянын мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланууга дүйнө коомчулугун чакырды:

- Мен бардык кызыкдар тараптарды Ооганстанды калыбына келтирүүдө биздин региондун болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырам. Борбор Азия табигый жана суу-энергетикалык ресурстарга абдан бай. Бул жаатта Ооганстан менен кызматташуунун ар тармактуу жолдору ачылат. Анын үстүнө чөлкөмдөгү товарлардын баасы дүйнөлүк баадан алда канча арзан.

Андан тышкары Акаев:

- Биз өзүбүздүн ресурстук жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүбүздү берүүгө кызыкдарбыз,- деп Кыргызстан курулуш материалдарынан тарта адистерди даярдоого чейин көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

БУУнун Өнүгүү программасынын жетекчиси Марк Браун акыркы эки жылда Ооганстандын өкмөтү демократиялык багытка ык алып, жалпы билим берүү, аялдардын укугун коргоо жаатында жакшы кадамдарды жасап жаткандыгын белгиледи. Марк Браундун билдирүүсү боюнча, мындай аракеттердин пайдубалы бекем болуп, региондогу коопсуздукту камсыз кылуу коңшулардын колунда. Ошон үчүн аллюминий менен алтынга бай Кыргызстандын, экспорту күч алып бараткан Өзбекстандын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу зарыл.

Ал эми Ооганстандын каржы министри Ашраф Гани география мамлекеттердин кызматташуусунда жакшы шарт же тоскоолдук болот, эгер саясатчылар эрктүү чечимге барса, анда ал жакшы мүмкүнчүлүк берет деп белгилеп, Ооганстанга берилип жаткан каражаттардын борборун түзүү жана өлкөнү калыбына келтирүү программаларынын аткарылышына донор мамлекеттердин байкоо салуусу зарыл деген сунуш кылды.

Ал эми Тажикстандын соода жана экономика министринин орун басары Изроил Махмудов сөздөн ишке өтүү бышып жеткендигин баса белгиледи:

- Бирок мага бир нерсе жакпайт, ар кандай конференцияларды өткөрүүнүн чеги бүттү, Ооганстанды калыбына келтирүү ишине өтүүгө мезгил жетти. Бизде ага жардам көрсөтүүчү мүмкүнчүлүк абдан көп. Мисалы, бизде Ооганстанга зарыл 20 миллион долларлык товар бар. Аны оогандык ишкерлерге арзан баада сатып алгыла деп сунуш кылганбыз. Мындай конференциялардын буга чейин үчөө болду, дагы бир тобу өткөрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан, философиядан ишке өтүү керек. Бул аракет эл аралык каржы уюмдарынын, эң биринчи кезекте БУУнун аракетине байланыштуу.
XS
SM
MD
LG