Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Израилдик аскерлер жөөт жоокерлердин жасаттарын издөөнү улантышууда


Израилдик тикуачар Газа шаарына коңшулаш Зейтун кыштагын ракеталардан аткылап, андан бери дегенде палестиналык үч жаран өлүп, сегиз киши жарадар болду.

Израилдик аскерлер Зейтун кыштагын үймө-үй тинтип, кечээ өлтүрүлгөн алты жөөт жоокердин жасаттарын издешүүдө.

Бетин чүмбөттөп алган палестиналык согушчан кечээ күнү жөөт аскерлеринин жасаттарын көрсөтүп, алар Израилдин абагындагы палестиналыктарга алмаштырылат деп билдирген.

Палестин бийликтери согушчандарды жоокерлердин сөөктөрүн Израилге өткөрүп берүүгө чакырды.
Премьер-министр Шарондун сөзүнчө, жасаттар табылмайынча, Израилдик күчтөр Газадан чыгып кетпейт.

Батыш Иордандын Наблус шаарында Израилдик аскерлер менен болгон кагылышууда палестиналык беш согушчан жарадар болду.

XS
SM
MD
LG