Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Ооган полициясынын кызматкерин америкалык аскерлердин мазактоосу боюнча тергөө башталды


Ооганстандагы америкалык аскерлер Ооган полициясынын кызматкери Саед Наби Сыддыкыны кемсинтүүсү боюнча тергөө башталганын АКШнын Кабылдагы элчилиги маалымдады.
Сыддыкы былтыр жайда полициянын катарындагы пайдакечтик жөнүндө маалымдагандан кийин жаңылыш кармалып, ага Талибан кыймылынын мүчөсү деген күнөө коюлуп, бирок кийин айыбы далилденбестен коё берилген.

Сыддыкы “Нью-Йорк Таймс” гезитине айтканга караганда, Гардездеги АКШлык аскерлердин базасында 40 күн кармалып турганда, аскерлер аны уруп-сабашып, уктатпай кыйнашкан, маскаралап сүрөткө жылаңач тартып алышкан.

АКШ полковниги Мэнсежер Кабылда өткөн маалымат жыйынында кабарчыларга мындай деди:

- Биз ушу сыяктуу арыздар түшөөр замат аларды иликтейбиз. Муну биз мурда да жасаганбыз, азыр да жасоодобуз деп ойлойм. Албетте ашкере болгон Ирактагы окуяны тергөөгө азыр көбүрөөк көңүл бурулууда.

XS
SM
MD
LG