Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

АКШ сенаторлору ирактык туткундарды маскаралоодо тартылган сүрөттөр менен таанышат


Багдаддын "Абу Грейб" түрмөсүндөгү ирактык туткундарды кордоп-маскаралоого байланыштуу дагы эки америкалык жоокер жоопко тартылат.
Бул тууралуу америкалык генерал Марк Киммитт маалымдады.

АКШлык сенаторлор бүгүн америкалык жоокерлердин ирактык туткундарды маскаралаганын күбөлөгөн сүрөттөр менен таанышышат.
Өлкөнүн коргоо министрлиги бул фотосүрөттөр эл аралык нааразычылыкты пайда кылышы ыктымал деп өтүнгөндөн улам, алар коомчулукка жарыяланган эмес. Сенаторлор сүрөттөрдү парламенттин кылдат күзөтүлгөн жана атайын ылайыкташтырылган жайында көрүшөт.

Ирактын "Абу Грейб" түрмөсүндөгү кыйноолорду изилдеген офицерлер кечээ Сенаттын тийиштүү комитетинде сурак беришти. Топтун башчысы генерал Антони Тагубанын сенаторлорго айтышынча:

- Бригаданын командиринен тартып, андан ылдый жактагы жетекчиликтин кемчилиги, тартиптин жоктугу, күзөтчүлөрдүн тийиштүү машыгуудан өтүшпөгөнү жана көзөмөлдүн болбогону туткундарды кордоого алып барган.

Генералдын сөзүнчө, жоокерлерге туткундарга жаман мамиле жасалсын деген буйрук берилгенин же андай саясат жүргүзүлгөнүн ырастаган далилдер табылган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG