Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

“Ал-Каиданын” вебсайты америкалык жаран кун кууп өлтүрүлгөнүн тастыктады


“Ал-Каида” уюму өзүнүн интернеттеги бетинде (вебсайтында) ислам согушчаны Иракта уурдалган америкалык жаранды мууздап жаткан сүрөттү жайгаштырды.

Бетин беткап менен жаап алган согушчандын айтышынча, 26 жаштагы Ник Берг америкалык аскерлердин "Абу Грейб" абагында ирактык туткундарды кемсинтүүсүнө жооп иретинде өлтүрүлгөн.

Вебсайтта Бергди өлтүрүү жөнүндөгү буйрукту “ал-Каиданын” башчысы бин Ладендин оң колу эсептелген Абу Мусаб Заркави берди деп айтылат. Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлиллан вебсайттагы видеосүрөттү “эркиндиктин душмандарынын чыныгы жүзүнүн далили” деп атады.

XS
SM
MD
LG