Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Шийит диниятчылары суранса ас-Садрчылар куралсызданат


Ирактык шийиттердин козголоңчу жолбашчысы Моктада ас-Садр Нажаф шаарында жасаган бүгүнкү билдирүүсүндө, анын желдеттери диний жетекчилик өтүнбөсө, куралсызданбашын эскертти.
Ас-Садр шийитерди АКШ башындагы күчтөргө каршы согушту улантууга үндөп, өзү шейит өлүүнү кааларын айтты.

Танкелер жана тикучарлар коштогон америкалык жоокерлер шийиттердин ыйык шаары Кербалада Моктада ас-Садрдын тарапкерлери менен согушту улантууда.

АКШ тарап шаардын ортолугундагы Мухаям мечитинин жанында өткөн түнү болгон айкашта 25 чакты ас-Садрчы жок кылынганын маалымдады. Уруш учурунда мечиттин жанындагы мейманкана жана бир нече турак үй талкаланып, имам Хусейн менен имам Аббастын саганаларынын дубалы октон зыян тартканы кабарланууда.

Америкалык аскерлер өткөн жумада 150гө жакын козголоңчуну катардан чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG