Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Түркия Кошмо Штаттардын Сирияга каршы киргизген санкцияларын сындап, аны зыяндуу чечим деп атады


АКШ президенти Жорж Буш шейшембиде Сирия – Израилге чагым салып жаткан куралдуу топторго жардам көрсөтүүдө, ошондой эле Иракка козголоңчуларды өткөрүп жатат деп айыптап, ага каршы экономикалык чектөөлөр киргизгенин жар салган. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган Вашингтон киргизген чара – проблеманы чечпестен, тескерисинче тереңдетет деп билдирди. Европа Биримдиги да АКШнын санкцияларына карабастан, Сирия менен алакаларын уланта берээрин маалымдады. Жекшембиде Евробиримдиктин расмий делегациясы Сирия менен газ жана мунай экспорттоо жаатында кызматташтыкты өрчүтүү маселелерин талкуулаш үчүн Дамаскка барат.

XS
SM
MD
LG