Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Ж.Буш Ирактагы америкалык ишкердин башын кескен адамдарга эч кандай актоо жок деди


"Ал-Каидага" катышы бар интернет-сайтта Николас Бергди өлтүрүү акты чагылдырылып, башкесерлер ирактык туткундарды кордогон америкалыктардан өч алууну улантаарын айтышкан. "Николас Бергди өлтүргөндөргө эч кандай актоо жок. Террорчулардын бул аракети – Ирактагы эркиндикти жериген бир ууч адамдардын нагыз табиятын эске салат", - деди президент Буш. Британия, Австралия – америкалык ишкердин өлтүрүлүшүн кескин айыпташты. Айрым араб мамлекеттери аны – ирактык туткундарды мазактоого каршы акция катары баалашса, кээ бирлери коомчулуктун алдында адамдын башын кесүү – исламдын жол-жоболоруна карама-каршы келээрин эскертишти.

XS
SM
MD
LG