Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

ТУТКУНДАР КОРДОЛГОН УЧУРЛАР ООГАНСТАНДАГЫ АБАКТАРДА ДА ОРУН АЛГАНЫ КАБАРДАЛУУДА


Айрым АКШ аскерлеринин Ирактагы туткундарга карата жосунсуз мамилеси менен байланыштуу жаңжал коомчулуктун назарын америкалык кээ бир жоокерлердин Ооганстандагы туткундарга карата айоосуз мамилеси тууралуу маселеге да бурду.

Кошмо Штаттардын аскердик жетекчилиги ушул тапта АКШнын жоокерлери тарабынан опузага алынып, намысына шек келтирилген учурларында сүрөткө тартылып алынган ооган полициячысынын доосу боюнча тергөө иштерин баштаганы кабардалды. «Нью Йорк таймс» гезити 12-майдагы санында Сайид Наби Сыддыки деген ооган полициячысы менен болгон маекти жарыялаган. Анда Сыддыки мырза өткөн жылы жай мезгилинде талиптер кыймылына мүчө болгон деген жалаа менен камакка алынганын жана АКШнын Ооганстандагы ар кыл абак жайларында 40 күн бою кармалганын айтат. Ур-токмокко алынып, күн-түн дебей уйкусуз кармалган жана жыныстык жактан кордолгон учурларын Сыддыки гезитке жашырбай айтып берген.

Ооганстандын адам укуктары боюнча көз каранды эмес комиссиясынын баяндашынча, бул уюмга ушул тапта Сыддыки мырзаныкына окшогон 44төй арыз түшкөн. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Хюман райтс уотч» укук коргоо уюмунун Ооганстан боюнча адиси Жон Сифтон мырзанын «Азаттыкка» маалымдашына караганда, бул уюм Ооганстандагы америкалык жоокерлердин укук бузуулары тууралуу мурдатан бери эле санааркоосун билдирип келген:

- Биз Ирактагы чуулгандуу окуялар ачыкка чыга элек кезде эле АКШнын аскерлери Ооганстанда кандай ыкмалар менен кишилерди камакка алып жана аларды кантип абакта кармап жаткандыгы тууралуу олуттуу тынчсыздануулар жөнүндө баяндаганбыз. Биз бул өлкөдөгү жаңжалдын эң баштапкы чагынан, тээ 2001- жана 2002-жылдардан бери эле Ооганстанда камакка алынган туткундар АКШ жоокерлери тарабынан ур-токмокко алынып, жылаңачтандырылып, өтө муздак температурада кармалып кыйноого алынганын айыптап келгенбиз.

Сифтон мырзанын айтымында, укук коргоочулар АКШнын аскер жетекчилигинен Ооганстандагы абактарды текшерүү үчүн бир нече жолу уруксат сурашкан, бирок алардын кайрылуулары таназарга алынган эмес:

- АКШнын аскер күчтөрү Ооганстандагы абак жайларын кыдырып көрүп чыгалы деген өтүнүчтөрүбүздүн баарын тең көңүл сыртында калтырды. Биз аларды бул өтүнүчтү создуктурбай канааттандырууга чакырабыз, анткени мындай терс мамиле алардын өздөрүнө карата жана ооган президенти Хамид Карзайга карата ишеничке олуттуу доо кетирет.

Ал эми АКШнын Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Дэвид Барно ушул шейшембиде кабарчылардын суроосуна жооп узатып, буга чейинки саясат өзгөртүлбөй турганын, Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлдөрү гана абактагы туткундар менен кезиге алаарын баса белгиледи. Ал эми бул кайрымдуулук уюмунун Ооганстандагы басма сөз өкүлү туткундардын абактагы акыбалы тууралуу тийешелүү маалымат берүүдөн баш тартты.

«Эмнести интернешнл» уюму болсо абакта кармалып жаткан жеринен киши колдуу өлгөн деп шектелгендердин ишин кылдат тергөөнү былтыр декабрда АКШ аскер жетекчилигинен талап кылган.

Ушул тапта Ооганстандагы он чакты абак жай АКШ аскерлеринин кайтаруусунда турат. Маселен, Баграм аба майданынын жанындагы абакта 300дөй киши кармалууда. Жалпысынан канча киши өлкөдөгү бул абактарда кармалып жатканы белгисиз.
XS
SM
MD
LG