ДАМАСК. АКШнын талабына ылайык Сирия палестиндик куралчан топтордун мүчөлөрүн өлкөдөн айдап чыгуу ою жок. Мындай пикирин Сирия президенти Башар Ассад америкалык редакторлор менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Сирияда массалык кыргын салуучу курал да, Сирия менен Ирактын чегинде чет өлкөлүк куралчандар бар экендиги тууралуу да маалымат жок. Ошондой эле Сириядан Иракка кирип жаткан күчтөр тууралуу так маалымат беришин Вашингтондон сурап, бирок жооп ала албай келатат. Мындай билдирүүнү Ассад Эл аралык маалымат долбоорунун алкагында таанышуу сапары менен барган АКШлык редакторлор менен жолугушуу учурунда жасады.
АКШ президенти Жорж Буш шейшембиде киргизген санкцияга ылайык Сирияга дары-дармек, тамак-аш азыктарынан башка америкалык бардык экспорттор жана АКШ менен Сирия ортосунда түз аба каттамдары токтотулушу керек.