Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Парламент билим берүү боюнча талаш мыйзамды колдоду


АНКАРА. Түркиядагы “Жогорку билим берүүгө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун бүгүн парламент колдоду. Мыйзам консервативдүү диний багыттагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө мурдагы чектөөлөрдү кыскартып, алардын жогорку окуу жайларга башкалар менен бирдей укукта тапшырышын кепилдейт.
Коргоо министрлиги, ректорлор жана бир катар саясий топтор бул мыйзам билим берүүдө, анын соңунан өкмөттө исламдын таасирин күчөтөт дешип, долбоорго каршы болушкан. Бирок ислам тамыры бар өкмөт муну ачык коом талабы катары баалаган. Байкоочулар болсо атеисттик нуктагы президент мыйзамга вето коюшу ыктымал деп болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG